Түрк бийлиги Анкарадагы теракт Күртстан жумушчу партиясынын (Түркияда тыюу салынган террордук уюм) мүчөлөрү тарабынан жасалган болушу мүмкүн деп болжолдоодо,-деп билдирди Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая РИА Новостиге.
Шаршемби күнү Анкаранын Кахраманказан районунда аскердик учактарды жана космостук техниканы чыгарган түркиялык TUSAŞ корпорациясынын имаратынын жанында жардыруу болуп, андан соң атышуу болгон. Укук коргоо органдары тарабынан эки кол салган адам жок кылынды. Анкаранын Башкы прокуратурасы теракт боюнча иликтөө иштерин баштады. Теракттан 5 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды. .