Өткөн аптанын жекшемби күнү, 1-октябрда эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып террордук акты жасаган. Расмий маалыматка караганда, анын дагы бир колдоочусун полиция жок кылган. Ички иштер органынын эки кызматкери окуя болгон жерден жараат алганы айтылууда. Интернет желелерине жайылган тасмаларда Ички иштер министрлигинин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн шашылыш жардырганын көрүүгө болот.
Жанкечтилер Кайсери провинциясынын Девели районунда 24 жаштагы ветеринар Микаил Бозаганды өлтүрүп, анын автоунаасын айдап кеткени маалым болду. Кайсери Түркиянын борбору Анкара шаарынан 260 чакырым аралыкта. Ал эми Түркия парламентинин имараты Ички иштер министрлигине жакын жайгашкан. Жардыруу депутаттардын жайкы каникулунан кийин, биринчи парламенттик жыйынга чогулуп жаткан учурда болгон.
Президент Режеп Тайып Эрдоган ошол күнү парламентте сөз сүйлөп, расмий Анкара террорчуларга каршы күрөштү улантарын билдирди: «Өлкө ичинде жана сыртында акыркы террорчу жок кылынганга чейин күрөшүбүздү токтотпойбуз. Террордук уюмдардын саясатка багыт алышына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тоскоол болушуна жол бербейбиз. Бүгүн эрте менен эки канкордун жок кылынышы, ал террордук уюмдун акыркы күрөшү болду. Жарандардын тынчтыгына, коопсуздугуна коркунуч келтирген шылуундар максаттарына жеткен жок жана эч качан жетпейт» — деди ал өз сөзүндө.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарадагы кол салууну кескин айыптады: «НАТО терроризмге каршы күрөштө Түркия менен тилектеш», — деп жазды ал 1-октябрда X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) өзүнүн расмий баракчасына.
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Анкарадагы жардыруудан улам Түркиядагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды: «Анкара шаарындагы Кызылай районуна караштуу Чанкая аймагындагы жардырууга байланыштуу кыргызстандык мекендештерибизди коопсуздукту сактап, көчөдө, коомдук транспортто абайлап жүрүүгө, сак болууга, эл көп топтолгон жерден мүмкүн болушунча оолак болууну өтүнөт», — деп жазылган консулдуктун Фейсбуктагы расмий баракчасында.
Түркия Анкарадагы кол салуудан кийин Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан катуу сокку урганы маалым болду. Анда Күрдстан жумушчу партиясына таандык 20 объект талкаланганын, үңкүрлөр, бункерлер жана курал-жарак сакталган кампалар бутага алынып жок кылынганын билдирди. Полиция кызматкерлери тараткан маалыматка ылайык, абадан жасалган соккунун максаты «Күрд жумушчу партиясы жана башка террорчул элементтерди жок кылуу» болгону айтылууда. Күрддөрдүн “Rudaw” маалымат агенттиги Ирактын түндүгү менен чектешкен аймактагы Кандиль тоо кыркаларындагы район бутага алынганын жазды. Бул тоолордо Күрд жумушчу партиясынын базаларынын бири жайгашкан. Аталган партиянын расмий интернет сайтындагы маалыматына ылайык, Анкарадагы жардырууну алар менен байланышы бар «Өлбөс батальон» тобу уюштурган. Бул топ 2016-жылы Стамбулдагы жардыруу үчүн дагы жоопкерчилик алган.
Жакынкы аралыкта Түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуусуна жол ачкан документти ратификациялоо маселесин күн тартибинде карай турганы маалым. Буга чейин расмий Анкара Стокгольмдон террорчулукка айыпталган, Швецияда бозгунда жүргөн күрд активисттерин өткөруп берүүнү талап кылып келген. Түркияда 2015-2016-жылдар аралыгында да бир катар террордук жардыруулар болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алганы маалым.