“Дүйнөнүн Чатыры” деп аталган Памир жана ал жерде жашаган памир кыргыздары тууралуу китеп жазылды. “Кагазга түшүрүлбөгөн география” катары белгилүү болуп, бир ууч кыргыз калкы жашаган Чыгыш Памир аймагы деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймакта 9 ай бою суук жана кардуу аба ырайы өкүм сүрүп, ашып өтүүгө мүмкүн болбогон тоолор жана агымы күчтүү дарыялар жайгашкандыктан, ал “Дүйнөнүн Чатыры” деп аталат.
Бул жерде жашаган 1000 үй-бүлө жана 3000дей кыргыз калкы татаал шартта жашаганына карабай көп жылдан бери изилдөөчүлөрдүн, саякатчылардын, журналисттердин жана документалисттердин кызыгуусун жараткан эң таасирдүү жерлердин бири. Памирге биринчи барган саякатчы катары кытайлык буддачы, дин кызматкери Сюань Цзан аталып келет. Ал биздин заманга чейинки 629-жылы Памирге барып, өзүнүн байкоолорун жазып калтырганы белгилүү. Кытайлык буддачыдан кийин атактуу саякатчы Марко Поло, швед географы Свен Хедин, белгилүү англиялык саясатчы Лорд Керзон, америкалык журналист Фрэнк Шор, француз фотограф-жазуучусу Роланд Мишо келип, ар бири бул жер тууралуу өз китебин жазышкан.
Чыгыш Памир жана Памир кыргыздары тууралуу кеңири маалымат камтылган китеп памирлик кыргыз журналист жана изилдөөчү-жазуучу Мухаммед Рузубай тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн алтын шакеги: Памир жана Памир кыргыздары” аттуу 420 барактан турган китеп 2025-жылдын май айында окурмандарга тартууланганы турат. Китептин автору Мухаммед Рузубай TRT Haber каналына берген маегинде, Чыгыш Памирдин 2000 жылдык терең тарыхы, стратегиялык мааниси түрк дүйнөсү үчүн маанилүү орду бар экенин белгилеп, төмөнкүдөй ойлорун бөлүштү:
“Мен Памирде төрөлүп, 7 жашка чейин ошол жерде жашаган памирлик кыргызмын. Менин эсимде калганы, ал жактын катаал шарты жана ошол эле убакта бейиштей болгон керемет сулуулугу. Кышкысын өтө катуу суук жана оор жашоо өкүм сүрсө, жайында эч бир сөз жеткире алгыс кооздук пайда болот. Мен көп жылдар бою бул аймак жөнүндө тереңирээк маалымат алгым келип, бирок, интернеттеги үстүртөн жазылган маалыматтардан жана Памир кыргыздарынын оозеки баяндарынан сырткары жарытаарлык маалымат таба албадым.
Европа жана түрк мамлекеттеринде бул жерге чоң кызыгуу бар экенин, бирок, ошентсе да ал жактарда деле жетишээрлик маалыматтар жок экенин байкадым. Натыйжада, өзүм төрөлүп, 7 жашка чейин жашаган “кыргыз жери” – Чыгыш Памир тууралуу китеп жазып, аны түрк дүйнөсүнө белек кылууну чечтим.”
10 жыл бою изилдөө
Китепти алгач “Эскерүү китеби” катары жазууну пландап, бирок убакыттын өтүшү менен бул да жетишсиз эмгек болорун түшүнгөнүн белгилеген Рузубай, мындай дейт:
“Кийинчерээк деталдуу китеп жазгым келди, бирок бул абдан оор болду. Анткени, Памир боюнча түрк тилинде олуттуу деле булактар жок эле. Өзүнчө бир китеп тургай, жетиштүү деңгээлде кеңири баяндалган макала да жок болчу. Ошондуктан мен өзүмдү өтө татаал изилдөөгө киришүүгө даярдоого аргасыз болуп, 10 жыл бою дүйнөлүк адабияттан Памир боюнча бардык булактарды тыкыр изилдеп чыктым”, – деп кошумчалады.
“Китеп жазуу үчүн мен чоң илимий изилдөө жүргүздүм. 7 жыл ичинде белгилүү булактарды, маек ала турган өлкөлөрдү жана инсандарды аныктап, 2022–2024-жылдары китепти жаза баштадым. Натыйжада, 500 беттен турган кол жазма пайда болду. Бул жазууларды сүрөттөр менен бирге иретке келтирип, китеп кылып чыгарууну көздөгөндө, 700–750 беттен турган эмгек жаралды. Бирок мындай чоң көлөмдөгү китепти азыркы доордо окуу кыйыныраак болорун жана темалардын бири-бирине тыгыз байланыштуу экенин эске алып, айрым академик досторум жана басма үйү менен кеңешип, китепти ‘Үчилтик’ – ‘Трилогия’ түрүндө жарыялоону туура көрдүк.”
Алгачкы “Памир үчилтиги” жарыяланат
“Памир тууралуу жазылган эң калың китеп болгону 350 беттен туруп, Памир боюнча эң белгилүү адамдардын макалалары 30 беттен ашпайт. Мунун себеби түшүнүктүү: Памир – белгисиз география, жетүү дээрлик мүмкүн эмес, анык маалымат булактары жок”, – дейт Мухаммед Рузубай.
“Менин эмгегим ушул жагынан алгачкы болуп эсептелет. Анткени Памир жөнүндө алгач ирет үч китептен турган үчилтик жарыяланууда. Бул эмгек – жөн гана эскерүү китеби эмес. Мен Памир тууралуу түз жана кыйыр түрдө жазылган 120 ишенимдүү булакты иликтедим. Бул булактарды жөн гана көчүрүп жазбастан, бардык маалыматтарды сын көз караштан өткөрүп, логикалык байланыштарды түзүп, анализдеп жаздым.”
“Кыйынчылыктар, күч-аракеттер акталды деп ишенем”
Китепти жазууда кандай кыйынчылыктарга туш болгонун Рузубай төмөнкүдөй сүрөттөйт:
“Мен үчүн эң оор нерсе – маалыматты табуу эмес, ар кайсы булактардагы бири-бирине байланышсыз, жүйөсүз, үзүл-кесил маалыматтарды бириктирүү болду. Айрым авторлор текстти такыр темасына ылайык келбеген жерден баштап, анан күтүүсүздөн башка темага өтүп кетишет. Кээде бир теманы баштап, 30-40 беттен кийин кайра ошол темага кайтып келишет. Бул чындап эле ишимди кыйындатты. Кээде үмүтүмдү үзүп, ишти таштайм го деп ойлогон күндөрүм болду. Айлар бою түн ортосуна чейин иштеп, столдо уктаган учурлар көп болду. Бирок, китебим 420 беттен турган эмгекке айлана баштаганда, чексиз кубанычка бөлөнүп, бардык кыйынчылыктар, күч-аракеттер акталды деп ишендим.”
Кенже Осмоналиева