КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференциясында 2023-жылдын аягында Россияда 650-700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар болсо алардын көбү Түркия, Америка жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кетишкенин билдирди.
Анын айтымында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда кеминде 30 миңге жакын ар түрдүү деңгээлде жумушчу орундар түзүлөт.
“Камбар-Ата 1 ГЭСине 5 миңден 12 миңге чейинки жумушчулар керек болот. Ошондуктан өзүбүзгө жумушчу ресурстар керек, мекендештерибизди өлкөгө тартканга аракет кылуудабыз. Россиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын аягында 650-700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар болсо алардын көбү Түркия, Америка жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кетишкен ,- деди Кулубаев.