Кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен алектенген 11 агенттиктин иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматта бул аракет иш менен камсыз кылган агенттиктерге көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалып жатканы белгиленген. Алар «Вайс Групп», «Селф виза», Fly Go, «Гоу Ту Германи» жана башка бир топ агенттиктер. Бул агенттиктер жарандарды Германия, Түркия, Польша, Венгирия, Болгария, Финляндия, Орусия, Литва, Бириккен Араб Эмирлиги жана Катарга жумушка орноштуруу менен алектенип келген.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштурууну убадалаган агенттиктерге үч күндүк рейд жасаган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар +996 559 189 900 (WhatsApp) ишеним телефонуна чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышарын билдирүүдө.