Түркияда 14-апрелден баштап өлкөдө күчөтүлгөн локдаун киргизерин өлкөнүн президенти Раджеп Тайип Эрдоган билдирген. Бул тууралуу маалыматты Hürriyet басылмасы жазып чыкты.
Жаңы эрежелер боюнча:
– кечки саат 19:00дөн таңкы 05:00ке чейин коменданттык саат киргизилет (буга чейин 21:00дөн башталган);
–коменданттык саат учурунда өлкө ичинде каттамдар толугу менен токтотулат;
– 18 жашка чейинки жана 65 жаштан жогорку жарандарга коомдук транспорт колдонууга тыюу салынды;
– коомдук тамактануу жайлары кардарларды кабыл албайт, буйрутмалар менен гана иштейт;
– Рамазан айынын соңуна чейин (12-майга чейин) коомдук топтолгон жерлердин бардыгы жабылат, той-мааракелер өткөрүлбөйт.
Worldometerдин билдирүүсүндө, акыркы суткада Түркияда COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны рекорддук ченге жеткен. Вирус бир суткада– 59 187 адамга жукса, 273 бейтап каза болгон.
2021-жылдын 30-мартынан баштап Түркияда дем алыш күндөрү толугу менен карантин кайрадан киргизилген.
Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.