"Эркин-Тоо"

Түркияда 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды — ВИДЕО

Бүгүн, 6-февраль күнү эртең менен Түркиянын бир катар шаарларында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн көптөгөн имараттар кыйрды. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар бар.

Йенишехир районундагы Диярбакыр шаарында 8 кабаттуу имарат кулады;

Малатия провинциясында 130 имарат урап, үч адамдын сөөгү табылып, 100дөн ашууну жарадар болду;

Аданада эки көп кабаттуу үй урап, беш жабырлануучу кыйраган имараттардан чыгарылып, ооруканага жеткирилди;

Шанлыурфада 16 имарат урап, 12 адам каза болду;

Османие провинциясында кеминде беш адам каза болуп, 34 имарат урады.

Жер титирөөнү Түркиядан тышкары Сирия менен Ливандын тургундары да сезген. Тагыраагы Сириянын Хама шаарында (Түркия менен чек арадан 150 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан) сегиз кабаттуу имарат ураган. Учурда куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат.

Ошондой эле Ливанда дагы кыйроолор бар.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!