Кечээ, 23-апрель күнү, Түркиянын Стамбул шаарында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу TRT Haber мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мармара деңизинин четиндеги көпчүлүк аймакта сезилген жер титирөө 13 секундага созулган. Зилзаланын кесепетинен 150дөн ашуун адам жабыркап, бир катар имараттар зыян тарткан.
Эске сала кетсек, Түркияда 2023-жылы 6-февралда күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал Түркиянын 11 провинциясында катталып, Сирияда жана Европанын бир катар аймактарында сезилген. Зилзаланын кесепетинен жалпысынан 50 миң 500 адам каза болуп, 100 000ден ашуун адам жаракат алып, 7 миң 248 имарат ураган.
2025-жылдын 23-апрель күнү болгон жер титирөө түз эфирге түшүп калган.
Видео CNN Türk агенттигинин YouTube каналынан алынды