"Эркин-Тоо"

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды

26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

Ага КР маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү.  Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.

Маданият күндөрүн расмий маданият министринин биринчи орун басары Тимуржан Ажымалиев ачты.

Ачылыш салтанатта Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан менен Түркиянын маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Түркияга болгон иш сапарында жетишилген макулдашуулар экендигин  белгидеди.

Ошондой эле ал кыргыз жана түрк элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө салтка айланганын, бул сыяктуу биргелешкен маданий иш-чаралар аркылуу эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий байлыгын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңирээк сезе алабыз деди. Анын негизи катары 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин эки тараптуу мамилелер тездик менен өнүгүп, Түркия Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныгандын айтты.

Мындан сырткары, 2017, 2019, 2022-жылдары Стамбул, Анкара, Анталия шаарларында Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери жана бюсттары орнотулуп, сквер жана сейил бактарга анын ысымы ыйгарылгандыгы, чыгармалары түрк тилине которулгандыгы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына Түрк эли чоң урмат-сый менен мамиле кыларын сезет деп билдирди. Аны менен катар, Бишкек шаарынын борборунда Ата Түрк сейил багы, Анкара көчөлөрү жайгашканы айтылган бекем мамилелердин үлгүсү катары белгиленип, 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса провинциясынын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өтүшү эки өлкөнүн маданий алакасын жогорку деңгээлге алып чыкканын  белгиледи.

Концертте КР Эл артисттер Саламат Садыкова, Роза Аманова жана эмгек сиңирген артисттери Гульзинат Суранчиева, Улан Качкыналев сындуу алдыңкы өнөр адамдары катышып, КР Эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Эл артисти Анаргүл Нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал» бий ансамбли, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери коштоду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!