"Эркин-Тоо"

Түркияда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кеминде 13 адам каза болду

Түркиянын түштүк-чыгышында орун алган нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кеминде 13 адам каза болду. Анын бешөө жер төлөлөрдөн табылган. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

14-мартта Шанлыурфу шаарында жамгыр катуу жааган. Сел суулары провинциянын административдик борборунун бир катар көчөлөрүн жана проспектилерин каптаган.

“Вейсел Карани кварталындагы имараттардын биринин жер төлөсүнөн 5 адамдын сөөгү табылган, болжол менен алар сириялыктар болгон. Нөшөрлөгөн жаандан улам чыга албай, камалып калган шаар тургундарын аныктоо иштери уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы