"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Түркияда суунун астынан соода кемеси табылды

Түркиядагы Жер ортолук деңизинин түбүнөн 2000 жыл мурдагы кеменин калдыктары табылды. Бул тууралуу ТRT Haber агенттиги маалымдады.

Адистердин айтымында, 33–46 метр тереңдикте жайгашкан байыркы кеме деңиз жолунда жүргөн соода кемеси болгон. Казуу иштеринин жүрүшүндө андан керамикалык идиштер, табактар, чыны жана кумаралар табылган. Алар үстүнөн кум менен капталып калгандыктан жакшы сакталган.

Бул жана ушул сыяктуу табылгаларды туристтер үчүн атайын суунун алдынан табылган археологиялык буюмдар катары Анталиядагы музейдин бир тарабына коюу пландалууда.