"Эркин-Тоо"

Түркияда тик учак кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон жарандардын сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Эске салсак, 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн, Тик учактын ичиндеги төрт экипаждын  үчөө Кыргызстандын жараны болгон. Алардын экөө каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилген. Ооруканага түшкөн  И.Э. аттуу кыргыз жаранынынын абалы туруктуу экендиги айтылган.

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!