"Эркин-Тоо"

Түркияда жер титирөө катталды

10-августта Түркинын Малатия аймагында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Имараттар талкаланып, 23 киши бийиктиктен секирип жаракат алган . Бул тууралуу түрк басылмаларында кабарланды.

Саат 20:48де болгон жер титирөөнүн 7 чакырым тереңдикте болгону аныкталды. Жер титирөө Малатия менен катар Кахраманмараш, Адыйаман, Шанлыурфа жана Газиантепте да сезилди.

Жер титирөөдөн кийин 80ге жакын адам шаардын ооруканаларына кайрылган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!