"Эркин-Тоо"

Түркиядагы Анкара университетинин окутуучусу, профессор, Гүлзура ЖУМАКУНОВА: “Айтматовдун каккан коңгуроолору анын акыйкаттыгын тастыктайт”

Кыргыз залкары Чыңгыз Айтматовдун  95   жылдыгы дүйнө өлкөлөрүндө белгиленүүдө.  Бул багытта мындан  отуз жыл мурда Түркияга  тилчи, түрколог  катары барып,  ошол эле учурда Манас эпосу, Чыңгыз Айтматов өңдүү кыргыз залкарларын түрк элине таанытуу аракеттерин колго алган мекендешибиз менен маектештик.

— Гүлзура эже, кыргыз таануу илимин,  Манас эпосун ,Чыңгыз Айтматовду Түркияда жайылтуу аракеттериңиз кандайча башталган?

— Мен 1993-жылы Анкара университети тарабынан чакырылып Түркияга келгениме быйыл туура 30 жыл болду. Биз келген жылдары  жаңы гана  эгемендик алып, элчиликтери ачылып, түрк элдеринин  жакындашуусу үчүн  ыңгайлуу платформа жаңы  түзүлүп жаткан кез эле. Алгач эле, түрк тилин окуп үйрөнүүгө өттүм. Тилди тезирээк үйрөнүп,  ал кезде ар кандай уюмдар уюштурган илимий чогулуштарга катышып, тил, адабият, ал түгүл тарых темаларында  доклад окуу, маек берүү сыяктуу иштеринде  өз өлкөмдүн өкүлчүлүгүн  татыктуу аткаруу аракети эки эселенген кайрат менен иштөөгө түрттү көрүнөт.  Ар бир иште берилүү жана жоопкерчилик башкы орунда болушу абзел.  Ал эми  менин Манас эпосу боюнча  берген сабактарым  магистрлик же докторлук иштер менен айырмаланат. Айтматов боюнча  сабактарым  болсо бакалаврлык жана Айтматов изилдөөлөрү деп докторлук деңгээлге жараша даярдалган.  Түркияда биздеги Илимдер Академиясы сыяктуу жалаң илим менен алектенген академия жок эсе.   Академиктер  (ЖОЖ мугалимдери) илим менен билимди тең айкалыштыруусу керек.  Берген сабагы,  изилдеген иштери, жарыялаган материалдары боюнча бааланышат.

— Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду изилдөөгө кантип келип калгандыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

Чыңгыз Айтматов  жөнүндө  Түркиянын ТРТ  мамлекеттик медиасына бир канча репортаждар, ал тууралуу макалалар жарыяланды. Улуу жазуучубуздун колумду кысып, “Азаматсың!” деген алкышын эки жолу алдым.  Биринчиси Айтматовдун 70 жылдыгына арналган “Шекерден дүйнөгө ачылган терезе” деген көлөмдүү макалам үчүн алгам.   Ататүрк Маданият Борборунун “Билге” журналына жарыяланган. 70 жылдык юбилейи Президент Сулейман Демирелдин   катышуусу менен Анкара-Стамбул шаарларында өтө чоң салтанат менен өткөрүлгөн. Ошол жыйында  Чыңгыз агайдын   жаш балача сүйүнгөн элеси  алигиче көз алдымда.  Жубайын  чакырып: “Макен, Макен, карасаң, макаланы ушул  карындашым жазыптыр!” деп сүйүнүп тааныштырды. Анын колумду кысып “Азаматсың!” деп куттуктады. Ошондогу мактоосу мени андан аркы айтматовчулар кербенине кошулушума кескин бир жолдомо болду окшойт.   Юбилейлик конференцияда жасаган  “Улуу сөздүн уландысы” (түркчө: “Ulu Sözün Uzantısı”)  аттуу докладым окулду.  Конференциянын эртеси күнү Чыңгыз агайдан ТРТ каналына Кыргызстандагы тил, дин, адабият маселеси тууралуу кеңири маек курган элек. Мен  ал кезде ТРТнын  Кыргыз кызматын  жетектечимин. Айтматов тууралуу  китептерим  жарыкка чыкты.   Үч жолу Түркияда “Айтматов күндөрү” аттуу өтө кеңири жыйын өткөргөнбүз.


8-декабрь 1998-жыл, Анкара

—  Түркияда  Айтматовду   абдан кадырлашат  дешет…

— Айтматов өзү да бул элди абай кадырлап, таянганы ,  жакшы көрөөрү сезилип турчу.  Көп да келер эле.  Ар бир чыгармасын  түрк тилине  ар башка тилдерден  сыясы кургай электе  которушчу деп айтылат. “Жаныбарым Гүлсарыны” түрктөр “Чынжырыңды үз, Гүлсары!” деп которуп чыгарышканда, Айтматов: ”Түрк туугандар  чынында менин ички ниетимдеги атты коюшуптур” деп катуу ыраазы болгон экен. 2005-жылы 7 жыл бою жазган 50 миң сөздүү академиялык “Түркчө-Кыргызча сөздүгүмдү” мукабалатып алып, Бишкекке бастырганы алып баргам.  Манас университетинде уюштурулган жыйында   Чыңгыз агайга жолугуп калдык.  Басмага алып барам деп көтөрүп жүргөн китебимди  көргөзсөм, аябай сүйүнүп, “Азамат!” – деп алкышын ошол жерде берди. Анан капысынан эле: “Бул сөздүк мага өтө керек, муну мага бер” деп сурап калды  Таң калганымдан алдастай түшүп, атайлап арноо жазып бериш же агай менен сүрөткө түшүп салтанаттуу тапшырыш оюма келбей, дароо белек кылып жибериптирмин.  Чыңгыз агай менен андан кийин көрүшкөн жокпуз. Өкүнгөнүм, ошол жылы жарык көргөн сөздүгүмдү китеп түрүндө тартуулай албаганым болду.

— Биз билгени  Түркиянын бардык шаарларында Айтматовдун эстеликтери бар…

— Ооба, Түркиянын Айтматовго болгон сый-урматтын ага арналып Анкарада эле 3 эстелик ортотулуп, атынын бир чоң  сейил бакка , 1 проспект, 2 көчөгө берилгенинен  байкасак болот. Дээрлик бардык чоң шаарларда эстеликтери,ң  анын атында проспекттер, китепканалар, мектептер бар.

— Айтматов  урматтаган  өлкөдө аны жоготуу  оор тийсе  керек…

— Албетте, кимге гана оор болбоду дейсиз.  Биз ТРТдеги Кыргыз кызматы катары бул жоготуунун кайгысын тартып эле тим болбостон, бүтүндөй ТРТ Үнү эл аралык кызматтары үчүн тиешелүү кыска, узун кабарларды, атайын берүүлөрдү шашылыш даярдоо жоопкерчилигибиз да бар эле.  Түркия Үнү радиосу аркылуу дүйнөнүн 29 тилинде жарыяланган аза кабарын ыйлап отуруп жазганым эсимде. Бүтүндөй түрк дүйнөсү бел байлаган уулун жоготуунун орду толгус кайгысы саат сайын берилген кабарларда саясат, илим, маданият, адабият ишмерлеринин сөздөрүнөн, дүйнө адабиятынын  бир чынары  көчкөнү, анын мурасынын эстетикалык, философиялык, гуманисттик  баалуулуктарынын түбөлүктүүлүгүнө ишенгендери  туюлуп турганын жашырууга мүмкүн эмес эле.  Ошол азалуу күндөрдө жазган “Ал уулуңду кучагыңа, Жер Эне!” деген  көлөмдүү макалам Түркиянын бир катар журналдарында, интернет барактарында жана Азербайжанда, кийинчирээк  котормосу Кыргызстанда да жарыяланган.

—  Айтматов мурасын изилдөө ишинде түрк изилдөөчүлөрү, окумуштууларынын эмгектеринин таасиринде кандай жаңы пикирлер жаралды, жаңы үн кошуулар болдубу?

  Айтматовдун дүйнөдөн көзү өткөнүнө 15 жылдан ашык  мезгил өткөнүнө карабастан, аркасында  калтырган  адабий мурасы түбөлүк жашоосу  улантылууда.  Түрк жана түрк элдери  адабияттары боюнча изилдөөлөрдө  Айтматов темасы бүгүн да күчүндө.  Анын себеби Айтматовдун көтөргөн темалары  заманбап илим менен адабияттын көйгөйлөрү менен үндөшкөндүгүндө жатат.  Айтматовдун өзү жашаган  кылымдын соңуна карай  дүйнөнүн опурталдуу  чыйыры тууралуу каккан коңгуроолору анын акыйкаттыгын тастыктайт. Менин  бир докторантым ушу тапта“Чынгыз Айтматов чыгырмаларында “кичине кишилер” деген темада   диссертация жазып жатат.  Жаш окумуштуулардын эмгектери бар. Заман менен кошо жаңы пикирлер жаралашы зарыл. Бул жылы Түркияда Айтматовго арналган илимий конференциялар,  бир катар жыйындар  өтүп жатат.

 

 

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№98 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 12-декабры

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!