Түркиядагы президенттик шайлоодо бардык бюллетендерди саноонун жыйынтыгы боюнча, учурдагы мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган 49,24 пайыз, анын атаандашы Кемал Кылычдароглу 45,06 пайыз добуш алды.
Бир дагы талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан, жеңүүчү 28-майда өтө турган экинчи турда аныкталат.
Өлкөнүн шайлоо комиссиясы миллиондон ашык бюллетенди жараксыз деп тапты.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо кечээ, 14-майда өттү. Президенттикке үч талапкер бар: азыркы президент 69 жаштагы Эрдоган, оппозициялык Элдик альянстан талапкер 74 жаштагы Кылычдароглу жана Ata альянсынан 55 жаштагы Синан Оган.
Төртүнчү талапкер «Memleket» партиясынын лидери Мухаррем Инже шайлоого үч күн калганда талапкерлигин алып салган.