Түркиядагы тик учак кырсыгынан кийин Измирдеги Бозяка Эгитим жана Араштирма ооруканасына түшкөн И.Э. аттуу кыргыз жаранынын абалы туруктуу. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, консул кызматкери жабыркаган жарандан кабар алган. Кызматкердин маалыматы боюнча, кырсыктаган тик учакты Кыргызстандын жарандары биринчи учкуч – О.О., И.Э., жана бортмеханик — Я.Л. башкарган. Учакта үч кыргызстандыктан башка бир түрк жараны болгон. Кыргызстандын жараны И.Э. жээкке сүзүп чыккан.
Акыркы маалыматтар боюнча, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын О.О. аттуу жаранынын сөөгү табылган. Дагы бир жаранды издөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны.