Үстүбүздөгү жылдын январь–май айларында Түркиянын аэропорттору жалпысынан 85,42 миллион жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу Daily Sabah агенттиги маалымдады.
Аталган мезгилде ички каттамдар аркылуу 37,26 миллион, ал эми эл аралык каттамдар менен 48,09 миллион жүргүнчү ташылган.
Ички учак каттамында 365 145, эл аралык учак каттамында 318 618 рейс аткарылды.
Ошол эле учурда, май айында ташылган жүктөрдүн көлөмү 437 863 тоннаны түздү. Жалпысынан беш ай ичинде Түркиянын аэропорттору аркылуу 1,87 миллион тонна жүк ташылды.