Түркэгей, Түрк Ривьерасы менен Жер Ортолук деңизинин чок ортосунда жайгашкан Түркия дүйнөдөгү эң кооз пляждардын мекени болуп саналат. Жай бою Түркиянын көк жана жашыл жайылган деңиздерин бойлой эс алуу кишиге өзгөчө ырахат тартуулайт. Ошондой эле байыркы цивилизациялардын издери калган көк желек пляждары, даамдуу ашканасы, бай гастрономиясы, жүзүмзарлардан турган маршруттары жана белгилүү түрк шараптары сизди таң калтырбай койбойт.
Көңүлдүү эс алуу тартуулаган Түрк ривьерасы
Түрк Ривьерасынын чок ортосунда жайгашкан Анталия, Аспендостон Майрага, ошондой эле Сиденден Пергеге чейин көптөгөн тарыхый жерлер, кооз булуңдар, бирюза суулары, тынч айыл-кыштактар жана спорттук оюндары өтөтурган эң мыкты дестинациялар бар. Бири-биринен кооз пляждары менен атагы чыккан Анталияда көк желек күбөлүгүн алган дагы 231 пляж бар. Анталиядагы айрым пляждардын узундугу 1000 километрге чейин жетет. Тоо, айыл аралап жайгашкан чакан пляждар да жок эмес. Мисалы, Капуташ… Каш-Калкан жолунун жээгинде жайгашкан Капуташ пляжы ак кумдары жана көгүлтүр деңизи менен кишинин көз жоосун алат. Бул кичинекей пляж өзүнүн сыйкырдуулугу менен дүйнөдөгү эң кооз 50 пляждын катарына кирген. Антальянын эң кызыктуу пляждарынын дагы бири – бул Андреа Дориа булуңу. Андреа Дориа булуңу Генуялык адмирал Андреа Дориянын атын алган. Жапайы зайтун дарактары менен курчалган бул пляжга деңиз таш бакалары тукум коёт. Мындан улам туристтер жана коноктор жыл сайын, 15-майдан 15-сентябрга чейин Антальядагы Патара пляжын убактылуу колдонуп турушат.
Миң бир түстүн бирине саякат
Түркиянын эң популярдуу эс алуу жайларынын дагы бири — бул Бодрум. Бодрум Түркэгейде жайгашкан. Тунук деңизи, алтын түстүү кумдары жана кооз булуңдары менен өзгөчөлөнгөн бул локация деңизди сүйгөндөргө эң сонун жай десек жарашат. Бодрумдун борборуна эң жакын жайгашкан пляжы болсо — бул Гүмбет. Гүмбет пляжы көк-жашыл түстүү деңизи менен кишини суктандырат. Бул пляждан кайыкка түшүп, деңизди бир тегерене кыдырып келсеңиз да болот. Ошондой суу спорту үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Муну менен катар Гүмбет пляжында дайвинг клубдар да бар.
Ал эми Bitez Beach пляжы болсо сууда сүзүү жана суу спортунун башка түрлөрү менен машыккандар үчүн эң идеалдуу жер. Bitez пляжы кенен кум аянттары жана кооз жаратылышы менен катар эле көптөгөн кафе жана ресторандар менен да курчалган.
Мындан тышкары Гөлтүркбүкү пляжы да Бодрумда жайгашкан. Гөлтүркбүкү пляжы Бодрумдагы эң жандуу дестинациялардын бири болуп саналат. Люкс шарттарда эс алам десеңиз анда Гөлтүркбүкү пляжына келиңиз.
Түркэгейдин жүрөгү болгон Измир
Чанаккаледен түштүктү көздөй баса берсеңиз, «Түркейгейдин бермети» аталган Измирге жетесиз. Измир жөнүндө сөз болгондо эң алгач шаардын эң популярдуу туристтик жери Чешме эске келет. Илица жана Алачаты пляждары кооз деңизи жана алтын түстүү кумдары менен туристтерди өзүнө тартат. Тынч жаткан деңизи, таза абасы, жагымдуу атмосферасы менен белгилүү Алачаты пляжы болсо Чешменин борборунан 13 километр алыстыкта жайгашкан. Алачаты Чешмедеги эң таза пляждардын бири. Күнгө какталып, коктейден ичип коюп, бут айкалыштыра эс алганга эң ыңгайлуу жер.
Түндүк эгейдин жашыл бейиши болгон Чанаккале
Түркиядагы Эгей деңизинин жээктери жай мезгилинде зыяратчыларга толот. Алардын бири Чанаккаленин Ассос жээктери. Деңизи тынч, табияты жашыл бул аймакка мээ сергитеп дегендер өтө көп келишет. Аймактын эң белгилүү эки пляж бар
Алардын бири Ассос Сокакагзы пляжы. Ассос Сокакагзы пляжы зайтун дарактары менен курчалган. Аязма пляжы болсо Эгей деңизиндеги белгилүү экинчи пляж. Ошондой эле Түркэгейдин эң чоң аралы болгон Гөкчеадагда да 1200 метрлик Айдынжык пляжы бар. Айдынжык пляжы жогорку деңгээлдеги табигый пляждардын бири болуп саналат.