"Эркин-Тоо"

Түшүнүү менен кабыл алгыла! Жол кыймылын чектөө 1-ноябрь саат 12:00гө чейин созулат

Бүгүн Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянты унаалардын өтүүсү үчүн жабылды. Жол кыймылын чектөө Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүгө байланыштуу киргизилди. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка караганда Чүй проспектиси Тоголок Молдодон Абдрахманов көчөсүнө чейин жол кыймылын чектөө 1-ноябрь саат 12:00гө чейин созулат.

«Айдоочуларды жана шаардыктарды кырдаалды туура түшүнүп, жол жүрүүнү алдын ала пландаштырып алууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.