Кыргызстандын түштүк аймактарында — Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында — өрүктүн орто бойлуу, эрте бышуучу “Приция” сорту бышып жетилди. Ал 28-апрелден тарта терилип, сатууга даяр болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти маалымдады.
Маалым болгондой, “Приция” сорту “Биздин Бак” көчөт өндүрүүчү үрөнчүлүк чарбасында өстүрүлүп, сыноодон ийгиликтүү өткөрүлгөн. Бул мөмө-жемиш сорту заманбап талаптарга жооп берип, жогорку кирешелүүлүгү менен айырмаланат.
2023-жылдан бери аталган Департамент көчөт өндүрүүчү питомниктер менен биргеликте мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун сыноодон өткөрүп келет. Сыноонун негизинде өлкөнүн ар бир районунда өсүмдүктөрдү райондоштуруу такталып, агрардык сектордун натыйжалуулугун жогорулатуу максаты көздөлүүдө.