Тышкы иштер министрлигине караштуу, Тышкы миграция департаментинин алдындагы маалыматтык-консультатциялык борбору жарандарды чет мамлекеттерге жумушка жөнөтүү, чет жака чыгуудагы эрежелер жана башка маалыматтарды жеткирүү багытында иш жүргүзөт. Борбор тарабынан жарандарды Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүү пргораммасы 2007-жылдан бери иштеп келет. 2014-жылдан бери Түркия мамлекетине жумушка жөнөтүлөт. 2012-жылдан баштап Бириккен Араб мамлекеттерине келишимдин негизинде иш аткарылып келет. Жакында Түштүк Кореяга жумушка орношуу боюнча 2020-жылы каттоодон өткөн кыргызстандыктар тест тапшырышты. Тест тапшырууга 1500дөн ашуун жаран катталса, алардын 355и корей тилинен сынакты ийгиликтүү өтүшкөн. Ушу тапта 2021- жылга каттоо жүрүп жатат. Бул программа менен кыргыз жарандары Кореяда иштеп келүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эске салсак, Түштүк Корея 2020-жылга 700 орун, 2021-жылга 1300 жумуш орун бөлгөнүн аталган борбордон кабарлашты.