"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

«Түштүк Кыргыз цементи» ишканасына айып пул салынды

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан «Түштүк Кыргыз цементи» жабык акционердик коомуна караштуу «Караван» тилкесинде жер кыртышын пайдаланууда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Текшерүү Ош шаары жана Ош облусу боюнча регионалдык башкармалык тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө топурак казууда жердин түшүмдүү катмарын алуу жана сактоо эрежелери сакталбаганы белгилүү болду. Бул мыйзам бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 241-беренесине ылайык, ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Айып толугу менен өндүрүлгөнү маалымдалды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык, жер кыртышына келтирилген зыян 300 миң сом деп бааланып, бул каражат да мамлекеттин бюджетине түшкөн.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын көрсөтмөсүнүн негизинде жердин асылдуулугу баштапкы абалына келтирилгени кошумчаланды.