"Эркин-Тоо"

Төө-Ашууда 1000дей автоунаа тыгында турат

Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бишкек — Ош жолунун 129-132-чакырым аралыгында (Төө-Ашуу ) 1000дей автоунаа тыгында турат.  Тыгын кар жаап, жол тайгактыгынан улам болууда.
«1000ге жакын унаа токтоп турат. Оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында абал тыкыр көзөмөлгө алынууда. Жеринде эки куткаруу унаасы, төрт КамАЗ , бир көчмө башкаруу пункту унаасы, үч пикап унаасы жана куткаруучулар тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө.Ошондой эле ӨКМ тарабынан унааларга күйүүчү май жеткирип берилүүдө», — деп айтылат маалыматта.