"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Төө-Ашуудагы туннелдин айланасы иретке келтирилүүдө

Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.

Бишкек – Ош жолу боюнча кыймылдын коопсуздугун жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында, туннелдин кире беришине унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аймактары, сүрөткө түшүү зоналары жана даараткана куруу пландалууда.

Министрликтин маалыматына караганда, күзгө чейин туннелдин эки тарабындагы иретке келтирүү жана асфальт төшөө иштери толугу менен аякташы күтүлүүдө.