"Эркин-Тоо"

Төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө QR-коддун артыкчылыктары арбын

QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды өнүктүрүү аралыкта жайгашкан түзүлүштөргө, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн ылдамдыгына кеткен чыгашаларды кыйла кыскарта алат. QR-код белгилүү бир бирдиктүү стандарттарга туура келиши маанилүү, бул ар кандай төлөм системаларынын QR-коддорунун операциялык айкалышын камсыз кылат. Бул максатта Кыргыз Республикасында финансылык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн QR-коддун улуттук стандарты иштелип чыккан жана бекитилген, пайдалануу эрежелери иштелип чыккан, ошондой эле ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын (интероперабелдүүлүгүн) камсыз кылуу үчүн жаңы субъект: өз ара иш алып баруу оператору каралган. Кыргыз Республикасында өз ара иш алып баруунун биринчи оператору Улуттук банк болуп эсептелет. Азыркы учурда QR-код республикабызда төлөөлөрдү жана которууларды жүргүзүүдө кеңири колдонула баштады. QR-код тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Улуттук банктын басма сөз кызматына кайрылып, бир нече суроолорду бергенибизде алар төмөндөгүдөй жоопторду беришти.

— Жөнөкөй тил менен айтканда QR-код деген эмне?

— Бул белгилүү бир тамга жана цифра түрүндө маалымат катылган эки өлчөмдүү ак-кара түстөгү сүрөт, бул интернет сайттарына жана башка тейлөөлөргө дарек шилтемелерин түзүүгө мүмкүндүк берет. Аталышындагы QR баш тамгалары Quick Response, башкача айтканда, «тез жооп» дегенди билдирет. Аты айтып тургандай, смартфонуңуз анда катылган маалыматты бир секунддун ичинде окуп, товар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө шилтемесине мүмкүнчүлүк берет.

— QR-код менен төлөөнүн кандай ыңгайлуулуктары жана артыкчылыктары бар?

— QR-код колдонуу менен төлөө үчүн төмөнкү артыкчылыктарды белгилөөгө болот:

1. Пайдалуу. Сатуучуга төлөмдү кабыл алуу үчүн кошумча жабдуу сатып алуу талап кылынбайт.

2. Ыңгайлуу. Бул артыкчылык бүгүнкү күндө өлкө калкынын басымдуу бөлүгү мобилдик түзүлүштөрдү (смартфондорду) колдонуусунан улам келип чыгат. Алсак, смартфондун жардамы менен (банк картасын же накталай акчаны колдонбостон) биз дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн же кызматтар үчүн төлөй алабыз. Ошондой эле, сатып алуучу өзүнүн эсептеринин кайсынысынан төлөм жүргүзүлөрүн өз алдынча тандай алат. Сиз туруктуу чыгаруу эсебин орното аласыз же сатып алуу учурунда анын бирин тандай аласыз. Башкача айтканда, банк картасына же электрондук капчыкка кирүү үчүн смартфонуңузга банктын же төлөм уюмунун мобилдик тиркемесин жүктөп алсаңыз болот.

3. Ылдам. Сатып алуучу төлөмдү ырастагандан кийин, акча бир нече секунддун ичинде сатуучунун эсебине түшөт. Банк картасы менен төлөнгөн төлөмдөр эсепке бир топ кечирээк, адатта, бир нече күн ичинде түшөт. QR-коддор менен төлөө бир нече секундду талап кылат. Ал төлөнө турган сумманы киргизүү кадамы менен аткарылса дагы, ал көп убакытты талап кылбайт.

4. Жеңил. Жогоруда айтылгандай, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын жабдууларды колдонуу зарыл эмес. Сиз жөн гана банк же төлөм уюму сатуучу үчүн түзүп берген QR-кодду кассага чаптап койсоңуз болот.

5. Сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу. Төлөө үчүн кардарга банк картасынын же байланышсыз төлөм функциясы бар телефондун кереги жок. Анын смартфонуна төлөм тиркемеси жүктөлүп жана камера туташуусу гана жетиштүү. Телефон QR-кодду дароо окуйт, акча которуу бир нече секунд ичинде ишке ашат. Кошумчалай кетсек, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн смартфондо NFC-чиптин болушу сыяктуу атайын талаптар жок. Android же iOS операциялык системалары менен иштеген дээрлик бардык смартфондорго QR-коддорун колдогон төлөм тиркемесин жүктөй аласыз.

6. Коопсуздук. Ал тургай кара ниеттик менен акчаңызга ээ болууну каалагандар телефонуңузду ачкан күндө да, банк тиркемесинин сыр сөзүн табышы керек.

— Улуттук банк кандай ишчараларды жүргүзүп жатат?

— 2022-жылда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК менен биргеликте QR-кодду колдонуу менен төлөө ыкмаларын өнүктүрүү максатында, Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин колдонуу менен мамлекеттик жана башка төлөмдөргө жана которууларга төлөө ыкмаларын өнүктүрүү боюнча жол картасына кол коюшкан.

Ар башка төлөм системаларын өз ара интеграциялоону камсыз кылуу жана QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашыруу үчүн кардарларга бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы №2022-П-14/35-4-(ПС) токтому менен Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы №2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген, алар Кыргыз Республикасынын аймагында QRкоддорун унификациялоого жана аларды бирдиктүү Улуттук стандартка ылайык келтирүүгө багытталган.

Ошондой эле QR-кодду колдонуу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 24-августундагы №2022-П-14/53-4-(ПС) токтому менен Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы №2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна кошумча өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр кардарларга QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча банктык продуктуну/тиркемени/кызматты сунуштоого, ошондой эле соодатейлөө ишканаларында коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын мобилдик тиркемеси бар агенттери тарабынан QR-коддорду белгилөөгө тиешелүү.

2022-жылдын 16-декабрында калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуунун ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу жөнүндө» биргелешкен токтомуна кол коюлган.

Бүгүнкү күндө соода жана тейлөө ишканаларында банктык карталар, электрондук капчыктар жана агент мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө системалар аралык интеграцияны камсыз кылган 5218 QR-код орнотулду. Ошондой эле, QR-коддор республика боюнча улуттук стандартка жооп берген калкты тейлөө борборлоруна орнотулган.

Алсак, 2022-жылдын июнь айынан 31-декабры аралыгында Өз ара иш алып баруу оператору системасы аркылуу жалпы суммасы 12,1 млн сомду түзгөн 7800 накталай эмес төлөмдөр QR-кодун колдонуу менен жүргүзүлгөн.

— Улуттук банктын пикири боюнча мындай төлөм каражаттарын андан ары өнүктүрүү үчүн кандай иштерди аткаруу зарыл?

— 2022-жылдын аягына карата Улуттук банк «Банктар аралык процессинг» ЖАК (өз ара иш алып баруу оператору), банктар жана төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары менен биргеликте бир топ иштерди аткарды. Төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо боюнча иш-чаралар аяктады жана QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлдү, бул калкка төлөм системаларынын ар кандай катышуучуларынын QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул төлөм QR-коддорун каалаган төлөм системасынын катышуучусунун (банктын же төлөм уюмунун) тиркемеси аркылуу окууга болорун билдирет, бул сатуучуга төлөм системасынын жеке катышуучусуна төлөм QR-кодун берүү же бир нече төлөм системасына ээ болуу зарылдыгын жокко чыгарат. Же болбосо, ар кандай катышуучунун QR-коддору менен төлөө үчүн тиркемелерге ээ болуу.

Башкача айтканда, каалаган банктын же төлөм уюмунун мобилдик тиркемесин (банктык эсеп, төлөм картасы же электрондук капчык ачылган) колдонуу менен сатып алуучу каалаган банктын же төлөм уюмунун QR-кодун окуп, товарга, жумуштар жана кызматтарга төлөм жүргүзө алат.

— QR-коддун жардамы менен төлөө процесси кандай иштей турганын айтып бере аласызбы?

— Эң алгач смартфонго акысыз мобилдик тиркемени жүктөп алуу жана орнотуу керек. Андан кийин ага бир же бир нече төлөм карталарын, же болбосо электрондук капчыкты «байланыштыруу» зарыл.

Дүкөндөрдө товарга төлөп жатканда сатуучу тарапта QR-код болот. Ал сатуучунун эсеби жөнүндө маалыматты камтыган статикалык код болушу, же болбосо транзакция жөнүндө маалыматты камтыган динамикалык код болушу ыктымал. Статикалык QR-кодду кагазга басып чыгарып, кассанын жанына орнотуп же чаптап койсо болот. Сатып алуучу смартфондогу төлөм тиркемесинин жардамы менен ошол кодду сканерден өткөрөт, код сканерден өтөрү менен экранда акча которууну алуучунун маалыматтары пайда болот. Андан кийин сатып алуучу сатып алуу суммасын киргизет дагы төлөөнү тастыктайт. Ал эми динамикалык QR-код иштелип чыгып, экранда мисалы кассада пайда болот. Бул учурда сатып алуу суммасы пайда болгон QR-коддо камтылат, мында кардар болгону кодду сканерден өткөрүп төлөөнү тастыктайт.

Ушундай ыкма менен интернет-дүкөндөр сыяктуу эле кадимки супермаркеттер менен соода түйүндөрүндө да төлөсө болот. Ошондой эле смартфондогу төлөм тиркемесинин жардамы менен коммуналдык кызматтарды, айып пулдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү квитанциялардагы QR-коддор аркылуу төлөөгө да болот.

Абдимухтар АБИЛОВ
№14 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-февралы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!