Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн тартипке чакыруу керектигин айтты. Буга чейин Эрулан Көкүлов аткаруу бийлигинин мүчөлөрү депутаттар эл менен өткөргөн чогулуштарга келбей жатканын, ал эми Марат Мураталиев мамлекеттик мекемелерге кирүүдө алардын жетекчилеринин уруксаты керек болгонун билдирген эле. Төрага эгер Министрлер Кабинетинин ушундай жоопкерчилиги жок мүчөлөрү тартипке чакырылбаса, аларды Парламенттин жазалоого укугу бар экендигин айтты. Спикер маселени ырбатпай, тартип бузган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө эскертүү берүүнү талап кылды.