Кыргызстан өтүп бараткан жылды ийгиликтүү аяктады десек жаңылышпайбыз. Экономиканы өнүктүрүү багытында бир нече ири долбоорлор ишке кирип, өлкөбүз ЕАЭБдин алкагында алдыңкы позицияны кармап келди. Ошол эле учурда аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинде өзгөрүүлөр болуп, “ташы төмөн кулаган” жетекчилер болду. Албетте, төбөлдөрдүн “төрдөн” кетиши коомчулукту кызыктырары талашсыз. Анда эмесе сөз ирети менен болсун.
Эмил Жамгырчиев
Январь. Чү дегенде эле жыл жаңырары менен Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш жасаган деп шектелип жатканына байланыштуу башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунушун эл өкүлдөрү колдоп берген. Эл өкүлү Эмил мырза Ак үйдүн экинчи кабатындагы терезесинен секирип түшүп, качканы эсибизде. Ал эми УКМКнын башчысынын билдиргенине караганда, Эмил Жамгырчиевдин Өзбекстандын кримавторитети Салим Абдувалиевден Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчисин жоопкерчиликке тартууну суранганын билдирген. Көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Үчөө
Февраль. Арадан бир ай өтүп Жогорку Кеңештин депутаттары Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев өз эрки менен мандатын тапшырышты. Экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдар парламентте отурбашы керек деген талкуудан улам, булар орун бошотуп беришкени айтылууда. Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген Нурлан Ражабалиев менен “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Абдыбахаб Боронбаев экөө Райымбек Матраимов менен бирге коррупциялык схеманы түзгөнү үчүн айыпталышкан. Натыйжада, Ражабалиев 12 млн сом, Боронбаев 8 млн сом өлчөмүндө чыгымды бюджетке төлөп бергени маалым.
Айбек Осмонов
Март. Жаздын келиши “коррупциялык пирамиданын” башында турган Райымбек Матраимовдун дагы бир жактоочусу деп эсептелген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов өз эрки менен мандатын тапшырды. Тагыраагы жылуу-жумшак эле кетти десек болот.
Адахан Мадумаров жана башкалар
Апрель. Жогорку Кеңештин депутаттары бул айда биринин артынан бири мандатын өз эрки менен өткөрүп берүүгө жетишти. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди катуу сынга алып, аны “кара хирург” деп атап, тиешелүү фактыларды келтирүүгө аракет кылганы менен, арадан көп убакыт өтпөй өзү мандатын тапшырды. Ал эми “Эмаком” курулуш компаниясынын чырына түздөн-түз байланышы бар депутат Эмил Жусупов дагы мандатын тапшыруу чечимине келди. Булар парламентти “тазалоо” процессинен улам орун бошотушту деген сөздүн чындыгы бардай. Демек, Матраимовдун кезектеги “курмандыгы” ушулар болду.
Ал эми алдамчылык жана чыккынчылык иштери боюнча күнөөлүү деп табылган “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда токтотту. Тагыраагы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүнө кирип, аны күнөөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу аны жазадан бошоткон эле.
Ушул айда Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп келген Максатбек Сарбагышевдин мандатын тапшыруу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазган арызынын себеби билинбей кала берди.
Шайлообек Атазов
Май. 7-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку соттун чечимине таянып, Свердлов шайлоо округунан шайланган Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Ал өзү деле бул иштер Райымбек Матраимов менен байланыштуу деп ачык эле айтып, парламентте ошондогу Башкы прокурор Курманкул Зулушев деле Матраимовго жилик тартып жүргөнүн билдирген.
Курманкул Зулушев
Июнь. Өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушевдин отставкасы күтүүсүз болду. Бул кызматта үч жарым жыл иштеди. Бир ай мурда эле тоо-кен тармагына лицензия берүүдө айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганы үчүн Президенттен сөгүш алган. Зулушев Башкы прокурор кезинде Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен пикир келишпестик учурлары болгон. 2022-жылы Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилгени эсибизде. УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы май айында коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында
Зулушевдин кайниси да бар экенин маалымдаган.
Тазабек Икрамов
Июль. Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган Тазабек Икрамовдун мандатын тапшыруусу табышмак бойдон калды. Өзү жарытылуу комментарий берген жок.
Экөө
Август. Жайдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиевдин арызынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы аны мандатынан ажыратты. Эмне себептен арыз жазганы түшүнүксүз. Райымбек Матраимовго байланышкан жагдайлары бар экен деген сөздөр айтылып келди.
Парламенттеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков мурда өзү жетектеп келген “Ыйман” фондундагы аудитордук текшерүүдөн кийин козголгон, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо” беренесинин негизинде УКМКда жооп берип жүргөнү маалым. Бирок, мандатын өз эрки менен тапшырганынын себебин ачыктабай кеткени, белгисиз бойдон калды.
Бешөө
Октябрь. Президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү буйрукка ылайык убагында органдарда мыйзамсыз дайындалышына байланыштуу Ички иштер министрлиги менен УКМКнын мурдагы беш кызматкери — Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметов, Малик Нурдинов, Талантбек Салиев, Санжарбек Эркинбаев генерал-майор наамынан ажырады. Мурдагы буйрук күчүн жоготту.
Акылбек Жапаров
Декабрь. Жылдын соңку айынын башында салык кызматында ири коррупциялык схеманын бети ачылып, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалып, абакка киргизилген. Арадан эки жума өтпөй Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өз арызы менен кызматтан кетти. Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун отставкасына карата салык чөйрөсүндөгү жагымсыз окуялар өз таасирин тийгизди деген оюн билдирди.
Шекербек Калыков