"Эркин-Тоо"

“Түгөйүң” элдин эсинде!

“Түгөйүң” элдин эсинде!

Менин колумда Алымов Жакшылыктын 2009-жылы чыккан “Эсиңдеби, түгөйүм…” аттуу китеби турат. Бул китепке Жакшылыктын ар кыл темадагы, ар кайсы жылдарда жазылган обондуу ырлары, котормолору, арноолору, кызы Жылдызга арналган өксүү ырлары, “согуш… атам… арман…” аттуу ырлар циклы, “жашоо…сүйүү…убакыт…” жөнүндөгү ой толгоолору киргизилген. Ушул китептин жарыкка чыгышын өмүр бою эңсеп жүрүп, аны да көрө албай бул дүйнөдөн өтүп кетти. Китептин башталышында “Өзүм жөнүндө эки сөз” деген куштун тилиндей маалымат бар. Анда ал: “Мен көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чоң-Өрүктү деген айылда 1942-жылы 14-апрелде туулгам. Атам Алым ошол жылдын 22-майында кан күйүп турган мезгилде согушка кетип, ушул күнгө чейин өлүү-тирүүсүнөн дайын жок,”- деп жазган. Өзү  болсо 2008-жылдын 21-августунда катуу оорудан кийин бул жашоо менен кош айтышкан. Китебин чыкканын көрбөй калды дегеним ошондон.

 

Жакшылыкты туурап мен да ыр жаздым

Жакшылык менен 1962-жылы таанышкам. Анда мен Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде, ал филология факультетинде окучубуз. Башка жолдошторго караганда бизде кандайдыр бир жакындык бар эле. Азыр ойлоп көрсөм, ал экөөбүздүн тең атадан эрте ажыраганыбыз, же болбосо ыр жандуулугубуз, бирөөлөрдүн жетегине кирбестен өз алдыбызча эркин ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздөн болсо керек. Ал ар кандай ийримдерге катышып, ыр жазуунун же болбосо адабий чыгармаларды талдап окуунун ыкмаларын айтып жүрүүчү. Аны туурап мен да ыр жазууга аракет жасагам. Ал көп жылдар бою өзүмдүн дептеримде сакталып жүрүп, айрымдары 2014-жылы чыгарган “Табият, инсан жана жан дүйнө” деген китебиме киргизилген. Анын бир тобунун жазылышына Жакшылыктын салымы бар экенин жашыра албайм.

 

Студенттер балконго чыгып ыр угушчу   

1964-жылы Мырзакайым Сатыбалдиев деген курсташым экөөбүз жатаканада бир бөлмөдө жашадык. Өзүбүз чакан радиостанция жасап алып, ар кандай берүүлөрдү уюштурчубуз. Анда көбүнчө Жакшылык жаңы жазган ырларын окучу. Студенттер балкондорго чыгып, же болбосо терезелерин ачып коюп угушчу. Ошол жылдары Жакшылык “Ата” деген аңгемесин жазган. Ошол аңгемени көп жолу өзүнүн окуусунда берчүбүз. Көпчүлүк студенттер аны кайра-кайра суранышчу, себеби көпчүлүгүнүн аталары согушта курман болгондор, же дайынсыз жоголгондор, же болбосо согуштан майып болуп келгендер болчу. Жакшылыктын ал аңгемесинде ошол учурдагы студенттердин ар биринин тагдыры бар эле. Ал аңгеме кийин республикалык радиодон Абилезим Ниязовдун көркөм окуусунда бир нече жолу берилген.

 

Рыспай Абдыкадыров менен  таанышкан күн

1964-жылы апрель айында студенттердин өздүк көркөм чыгармачылыгынын республикалык кароосу болду. Апрелдин башында биздин 307-бөлмөгө Оштон эки студент келди. Бири айтылуу Рыспай Абдыкадыров, экинчиси Абдыкерим Алымов экен. Абдыкерим менин курсташым Мырзакайымдын тууганы болгондуктан бизге келишиптир. Биздин бөлмөгө бир түнөп, эртеси фестивалга кетишти. Кароо ал убактагы Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында болду. Биз көргөнү бардык. Бир убакта Р. Абдыкадыров “Түгөйүм” деген ырды ырдап чыкты. Сөзү Ж. Алымовдуку дегенде баарыбыз оозубузду ачып, таң калдык. Көрсө бул ыр мурда эле “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган экен.Ошентип Рыспай менен Жакшылык “Түгөйүм” аркылуу таанышышкан.

Андан кийин экөөнүн биргелешкен чыгармачылыгы жемиштүү болду. Мен окууну бүтүп Ат-Башыга кеткенде да Жакшылык Рыспайга берген же бере турган ырларынын текстин почта менен мага салып жиберчү. Мисалы, “Эсиңдеби”, “Таанышыңдай карагын”, “Сага”, “Күттүм сени” ж. б. “Энекем” деген чыгарма студент кезибизде эле жаралган. Башта ар бир куплети төрт саптан эле болучу. Аны мен эски элдик обонго салып, азыр деле ырдап жүрөм. Кийин ар бир куплетти алты сапка айландырган вариантына музыка жазылып ырдалып жүрөт.

 

Троллейбус менен мүшөктөп көмүр ташып…   

1963-жылдын 13-декабрында Жакшылык Медицина институтунда окуган Анар менен үйлөнүп, бала-чакалуу, небере-чөбүрөлүү болушту. Жаңыдан үйлөнгөндө Иваницын көчөсүндөгү батирде турушту. Аны тапканга чейин орус улутундагы абышка-кемпир жашаган канчалаган короонун эшигин какпадык! Бул жагынан алганда Жакшылык өтө өжөр, көздөгөнүнөн кайтпаган көк жалдыгы бар болучу. Кыштын күнү университеттин көмүрканасынан 2-3 мешок көмүр сурап алып, аны 5-троллейбус менен Ысык-Көл кинотеатрына чейин алып келип, андан үйүнө чейин көтөрүп жеткирип да жүрдүк. Ошол жылдары Фрунзе көчөсүндөгү азыркы Өкмөт үйүнүн арткы бөлүгүн реконструкция жасаган. Ал жерден жыгач чамындыларды чогултуп, үйүнө көтөрүп кетчү. Кийин үй-бүлө күтүүнүн ошондой кыйынчылыгын тартканынын үзүрүн көрдү. Бирок балдар-кыздарынын жакшылыгын жаңыдан татып келе жатканда көз жумганы өтө өкүнүчтүү болду.  Айла канча, эскерип, ал жөнүндө жакшы сөздөрдү айтуу менен өзүбүздү сооротуп келебиз.

 

Расул Гамзатовдун “Тоолук кызы”

Жакшылык өз учурунда классиктердин чыгармаларына кызыгып, айрымдарын которуп да жүрдү. Алардын айрымдары жогоруда аталган китепке кошулуптур. Автордун оюн туура түшүнүп, аны кыргыз окурмандарына өтө жеткиликтүү тил менен жеткире билүү оңой эмес экенин билебиз. Мисалы, Роберт Бернстин “Мектептин куу чиренинин мүрзөсүндөгү жазуу” деген эпиграммасын мындайча которгон: “Таслим бүгүн бала окуткан куу чирен, Ал тозокко түшкөндүгү байкалды. Тарбиялап жата берсин чыгарып, Кичинекей шайтанчадан шайтанды.” Же болбосо “Көк мээнин баш сөөгү” дегенин мындайча чечмелейт: “Баарын өзү билет дечи кудайым, Бирок адам ойлоп-ойлоп берет таң. Эмнеликтен көк мээлердин баш сөөгүн, Ушунчалык бышык кылып жараткан.” Бул жерде комментариянын эч кереги жок.

Жакшылыктын өтө сүйүп которгон чыгармасы белгилүү Расул Гамзатовдун “Тоолук кызы” (“Горянка”) эле. Аны которогондон кийин басмадан чыгарууга каражат издеп кимге гана барбады. Акыры депутат С.Урманаев жардамберем деди деп сүйүнүп жүргөндөөзүнүн көзүөтүп кетти. Ал которомонун тагдыры кандай болду мага белгисиз. “Бири кем дүйнө” эмес эле миңи кем дүйнө болду.

 

Тилектеш Ишемкуловго ырахмат!

Жакшылыктын филолог жолдоштору, обончу-композитор достору деле көп болчу. Алардын бир тобуна комуз чаап, белекке берип жүргөнүн да билем. Бирок Ж. Алымов жөнүндө үн катпай жүргөндөрү мени таң калтырат. Бирок Жакшылык менен эч байланышы деле жок, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкуловго миң мертебе ыраазычылык билдирем. Ал киши “Багыт.kg” газетасынын 2020-жылдын 29-январындагы санына “Терең, таза жана тунук лириканын тубаса устаты” деген көлөмдүү макаласын жарыялады. Атыңызга жараша бардык жакшы иштерге тилектеш экениңиздин далили ушул! Рахмат сизге!

 

Бир бутагы сынган мөмөлүү чоң дарак

Жакшылык менен Анар 45 жыл бирге жашашты. Мурда эскергендей, “Эсиңдеби, түгөйүм…” деген китепте, ал өзү жөнүндө “Адегенде райондук жана облустук гезиттерде котормочу, облустук радионун алгачкы уюштуруучуларынын бири болдум. Кийин “Ленинчил жаш” гезитинде 1976-жылдан 1979-жылга чейин адабий кызматкер болуп иштедим. Пенсияга чыкканча айылда мугалимдик кесипти аркаладым” — деп эскерет. Ошол жылдары Жакшылык менен Анар үч кыздуу, бир уулдуу болушкан. Кызы Жылдыз Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда окуп жүргөндө  айыл-чарба жумушуна барган 26 кыздын арасында болуп, автоавариядан каза болгон. Ага өкүнүп, күйүп-бышып жүрдү,  күйүт ырларды жазды: “Ажал дейбиз, кырсык дейбиз айласыз, Ажал, кырсык карыларга келбейби. Жок дегенде ошол кыз күн көрсүн деп, Ал кырсыкты мага деле бербейби,”-деп мүңкүрөдү. Бул айла жоктон айтылган муңкануу.

Улуу кызы Нургүл – апасынын жолун жолдоп, врач. Бишкекте жашайт. Экинчи кызы Сырга – атасынын жолун жолдоп, журналистикада 15 жыл эмгектенген, акыркы 12 жыл мамлекеттик кызматта. Бишкекте жашайт. Уулу Нурлан – кесиби боюнча экономист, ата-конушту ээлеп, атасы туулуп өскөн Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында жашайт. Жеке чарбасы менен алектенет. Неберелери: Мээрим – жеке компанияда иштейт, Нурдин – КР Башкы прокуратурасында эмгектенет, Жанболот – Будапешт шаарында магистратурада окуйт, Улукбек – Кыргыз-Россия Славян Университетинин студенти, Жолдошбек, Нурболот, Акшоола, Тагай – мектеп окуучулары, кичүү небереси Амантай 5 жашта. Чөбүрөсү Дария 2 жашта. Баарыңарга жакшылык каалайм! Алтын башыңар аман, бооруңар бүтүн болсун!

 

Пайгамбар кошкон дос болот

Адам өмүрүндө ар кандай адамдар менен кездешет. Бири менен жөн эле алыш-бериш болсо, башкалары менен кесиптеш, айрымдары менен жоро-жолдош, көңүл курбу, дос жана башка. Булардын ичинен “дос” деген өтө оор, өтө ыйык. Менин өмүрүмдө атам кол кармаштырган бир гана досум болгон. Ал дагы каза болуп калган. Ушул сыяктуу эле Жакшылык да “болгону эки дос күттүм, алар Бекбай, Исакун эле”-деп чыгармасында жазган. А мен болсом Жакшылык менен кандай аталыштагы мамиледе болгонумду билбейм, бирок ал мага арнаган көп ырларынын биринде

“Күн сайын күлкү түнөткөн,

Жүзүңүз жайнайт күн өткөн.

Атамдай сүйүп ардактап,

Урматтайм сизди жүрөктөн,” — деп жазыптыр. Өзү деле айта албаптыр. Кеп анда эмес. Биздин бири-бирибизди түшүнө билгенибиз, бири-бирибизди сыйлообуз, бири-бирибизге ишенгенибиз эң башкысы болсо керек.

 

“Эсиңдеби, түгөйүм” баарын эске салды

Урматтуу “Терең, таза жана тунук лириканын тубаса устаты”, эгер көзүң тирүү болгондо 80 жашың менен ак дилимден куттуктап, колуңду кармайт элем. Ошондой болсо да, “Эсиңдеби, түгөйүмдү…” кайрадан окуп, сени менен 1962-жылдан 2008-жылга чейин жүргөн күндөрдү эстеп алдым. Чыгармаларыңдын мазмунуна, оюңдун тереңдигине, сөздөрүңдүн тактыгы менен курчтугуна, балдарыңдын жетишкен ийгилигине кубандым. Кайрадан ойго баттым. Жылдызга арнаган ырыңды окуп, көзүмдөн жаш кетти. Эми айла жок. Өмүрлүк жарың Анардын май айында болуучу 80 жылдык юбилейи менен үй-бүлөмдүн атынан чын дилден куттуктайм. Балдарыңа, небере-чөбүрөлөрүңө кенен келечек каалайм! Кесиптеш жазгычтар, адабиятчылар сенин чыгармаларыңдын маани-маңызын ачып, объективдүү баа берет деген терең ишеничтемин. Ылайым ошондой болсун! Баары бир “Түгөйүң” элдин эсинде түбөлүккө сакталат!

 

Мамбетакунов Эсенбек, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент мүчөсү, Ардактуу академиги, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!