Өткөн жыл Түндүк Корея үчүн рекорддук көрсөткүчтөр жылы болду. Өткөн жыл ичинде эле расмий Пхеньян өлкөнүн бүткүл тарыхында учурган ракеталардын төрттөн бир бөлүгүн учурууга жетишкен. Өлкө жетекчиси Ким Чен Ын да кубаттуу өзөктүк куралга ээ мамлекетке айланганын жана мындан ары бул макамды сактап калууга ниеттенерин шардана кылды.