"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Түптө 275 орундуу бала бакча курулду

Ысык-Көл облусунун Түп айылында 275 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен 210 миллион сомго тургузулду.

Курулуш министрлигининин маалыматына ылайык, жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат заманбап үлгүдө курулуп, бөбөктөр үчүн бардык шарттар менен камсыздалды.

Долбоор Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылды.