"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Түптө сел жүрдү

ӨКМдин маалыматына ылайык, күн мурун болжол менен саат 13:10до катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп жана Балбай айыл аймактарында сел жүрдү.

Сел Шаты, Күрмөнтү жана Ак-Булуң айылдарында катталды.

Шаты айылында коктулардан келген сел суулары арыктарга батпай, көпүрөнүн үстүнөн ашып өтүп, көчөлөрдү каптаган. Күрмөнтү айылында да суу көпүрөдөн ашып, жолду каптаган учурлар болгон.

Ак-Булуңдагы Фрунзе көчөсүндө бир турак жайдын короосуна суу кирип кеткен.

Тазалоо иштерине жалпы жонунан 7 экскаватор, 3 жүктөгүч жана 1 хово тартылды.

Азыркы тапта ички арыктар тазаланып, абал турукташты. Райондо майда жаан уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү кырдаалды көзөмөлдөп, кошумча маалымат берерин билдирди.