"Эркин-Тоо"

ТҮРК ДАСТОРКОНУН БАЙЫТКАН ДАРЫ ЧӨПТӨР

Түркиянын эң берекелүү жери болгон Туркегей туристтерди бейпил пейзажы, атмосферасы, даамдуу зайтун майы, шарап жасоо боюнча бай тажрыйбасы, таза чөп, жашылчалар менен белгилүү ашканасы жана кулинардык маданияты тосуп алат. Бул ашкананын эң популярдуу даамдары Түркэгейдин түшүмдүү жерлеринде өскөн жашылча-жемиш, минералдарга бай ар түрдүү чөптөрдөн жасалып, өзгөчө рецепттер менен дасторконго берилет.

Түрк ашканасында эң көп колдонулуп келе жаткан жашылча, чөптөр бир даамдуулугу менен гана эмес, витамин, түрдүү минералдарга бай дарылык касиети менен да белгилүү. Мына ушундай өзгөчөлүктөр, ар кандай минералдарга бай бул берекелүү топурак, ырыскылуу өлкө дүйнө боюнча дары чөптөр фестивалын өткөрүшү мүмкүн. Ар кандай витаминдерге бай, организмге пайдалуу тамак аштардан курсак тоё жеп, ырахаттанып, ден-соолугуңузду чыңдагыңыз келеби!? Анда Түрк-Эгейдин дасторконун байыткан дары чөптөр тууралуу маалыматты окуп, башкалар менен да бөлүшүп коюңуз.

ТАБИЯТТАН ДАСТОРКОНУБУЗГА КЕЛГЕН ДАРЫ ЧӨПТӨР

Жашыл кымыздык, гибиес чөбү, бактылуу тилен, самфир, феннель, ашкабак гүлү, каакым, чалкан жана маллоу сыяктуу мындай дары чөптөр негизинен Эгей деңизинин жээктеринде өсүп, бул аймакта өтө популярдуу болуп саналат.

ЖАШЫЛ КЫМЫЗДЫК

Жашыл кымыздык козунун кулагына окшош болгондуктан, түрк тилинде «козу кулагы» деп аталат. Кычкыл даамы бар бул дары чөп көбүнчө салаттарга, шорполорго жана кондитердик азыктарга колдонулат. Зайтун майы менен да даярдаса болот. А жана С витаминдерине, ошондой эле кальцийге, калийге, магнийге, фосфорго да бай.  Жашыл кымыздык денени чыңдоо менен көптөгөн ооруларды да айыктыраары айтылып жүрөт.

ГИБИЕС

Гибиес (Cibes otu) — бул капуста менен түстүү капусталарды кесип, чогулткандан кийин топуракта калган тамырдан өскөн аймактагы эң популярдуу чөптөрдүн бири болуп саналат. Көбүнчө бышырылган жана зайтун майы жана лимон менен колдонулган гибиес чөбү балык дасторконунда сөзсүз болушу керек. Гибиесте организмге эң керектүү С витамини бар. Бул тамак сиңирүү системасынын бир калыпта иштөөсүнө жардам берет.

ШЕВКЕТ-И БОСТАН

Шевкет-и Бостан витаминдерге жана минералдарга бай тикенек жалбырактуу өсүмдүк. Зайтун майына куурулган бул чөпкө салттуу түрдө койдун эти жана өзгөчө татымал кошулат. Чөптүн аты арабча «тикен» дегенди билдирген «шевкет» деген сөздөн келип чыккан. Чөптүн аталышы түрк тилинен которгондо «бактын тикенеги» дегенди түшүндүрөт.

САМФИР

Эгей деңизинде көп өскөн самфир (Deniz Börülcesi) ооздо туздуу жана кычкыл даам калтырат. Деңиз суусунда өстүрүлгөндүктөн самфир деп аталып калган. Самфир дасторконго салат катары тартылат. Чөптү ысык сууга кайнаткандан кийин дароо муздак сууга салып, жакшы бышырылган жана таза бойдон сакташат. Самфир, адатта, зайтун майы, сарымсак жана лимон менен берилет.

ФЕННЕЛЬ

Феннель чөбү катуу, анис сымал жыты бар. Римдиктер көп колдонгон феннел аралаш чөп куурулган козу карындын маанилүү компоненти болуп саналат. Феннелди, адатта, лимон жана зайтун майы менен салат катары жешет. Бирок жумуртка менен бышырылгандары да болот. Жөтөлдү басуучу өзгөчөлүгү менен таанылган феннель жалбырагын кургатып, чай катары демдеп ичсе да болот.

Ашкабак гүлү (Kabak Çiçeği Dolması) Түркэгейдин өзгөчө тамактарынын бири. Ашпоздор ашкабак гүлдөрүн таң атпай, күндүн ысыгына соолутпай жыйнап алышат. Алар толтурулганга чейин тазаланып, столдорго коюлат. Апельсин-сары ашкабак гүлдөрү А, С жана В витаминдерине бай келет.

КААКЫМ

Ракы жана балык дасторкондору үчүн эң керектүү болгон каакым (Радика) татаал гүлдөр тукумуна кирет. Каакымдын курамында А жана С витаминдери, темир, кальций жана калий бар. Бул гүлдү илгертен эле табыптар панацея катары колдонушкан. Каакым жалбырактарын кайнатып, лимон жана зайтун майы менен даярдашат. Каакымды кайнатып, йогурт менен аралаштырса да болот. Каакымдын жалбырактарын кургатып, чөп чай жасоо үчүн колдонсо болот.

ЧАЛКАН

Чалкан (Ысырган оту) көптөгөн дарылык касиеттери менен Эгейде эң көп керектелген чөптөрдүн бири. Бул чөп түрк тилинде «чалкан» деп аталат. Анткени ал териге тийсе кычыштырат. Рим аскерлери чалкандын жалбырактарын денелерине сүйкөп, суук аба ырайынан азыраак жабыркаганы да белгилүү. Чалкан көбүнчө кондитердик азыктарга жана шорполорго колдонулат.

Maллов (Ebegümeci) Эгей аймагында өсүүчү чөп. Байыркы грек жана рим доорлорунан бери колдонулуп келген. Бул пайдалуу өсүмдүктү кууруп жешет. С витамини жана антиоксиданттарга бай маллоу

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!