"Эркин-Тоо"

Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынында бир катар документтерге кол коюлду.

— Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы,

— Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө.

Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

16-мартта Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны өттү.

Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган иш-чараны ачып жатып, Түркияда быйыл февралда болгон кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерине жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду. Ал түрк мамлекеттеринин лидерлерине ушул оор мезгилде Түркияга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өттү.

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров Кыргызстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча түрк өкмөтүнүн бардык аракеттерин колдоого аларын жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

«Жер титирөө – чоң трагедия. Кырсыктын оор кесепеттерин башынан кечип жаткан  түрк боордошторубуздун кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Бул да болсо Жараткан Алла Тааланын сыноосу. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына дагы бир жолу чын дилимден көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм. Түрк эли бул сыноодон дагы татыктуу чыгып, мындан дагы күчтүү болооруна ишенем. Мындай оор мезгилде Түркия өкмөтүнүн зилзала кесепеттерин жоюу боюнча бардык аракеттерин колдоп, жардам көрсөтүүгө даяр экенибизди дагы бир ирет ырастайбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!