Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алуу учурунда белгилүү болду,-деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн жолдору жана пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүшкөн. Б.Эрдоган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түркия Республикасы тарабынан 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле Руслан Казакбаев Оюндардын кыргыз элинин улуттук биримдигине тийгизген оң таасири тууралуу айтып, Көчмөндөр оюндарынын Кыргыз Республикасына ар 4-5 жылда кайтып келүүсүнүн зарылдыгын билдирип, 2024-жылы V көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнү жактаган.