"Эркин-Тоо"

Түркияда дагы эки ирет катуу жер титиреди

Түркияда дагы жер титирөө болду. Хатай провинциясында күчү 5,8 жана 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Хатай облусунун түштүгүндөгү Самандаг аймагында күчтүү жер титирөөлөрдөн 2 жумадан кийин күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди. Мындан бир нече мүнөт мурун күчү 6,4 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Ал дагы Хатай провинциясында болгон.

Жер титирөөдөн кийин провинцияда электр жарыгы толук өчкөн. 6,4 жана 5,8 баллдык жаңы жер титирөөдөн кийин адамдар массалык түрдө үйлөрүн таштап, көчөгө чуркап чыгышкан.

Жер титирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина, Израилде сезилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!