Түркияда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт.
2021-жылдын 5-ноябрынан 12-ноябрына чейин Анкара шаарындагы Гази университетинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Көргөзмөнүн ачылышы 5-ноябрь күнү саат 10:30да болот.