Hürriyet маалымат агенттиги кабарлагандай, Түркиянын батышында 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Окуянын очогу Балыкесир облусунда, 11 километр тереңдикте орун алды.
Жер титирөө Стамбул, Бурса жана башка шаарларда 20-30 секундга чейин сезилген.
Сындыргы районунда кеминде 16 аз кабаттуу үй кулап, дагы 20га жакыны олуттуу зыянга учурады. Урандылардын астынан төрт адам тирүү куткарылды.
Кырсыктан бир адам көз жумуп, 29 жаран жаракат алгандыгы айтылууда.

