Түркиянын «Адам укуктары жана эркиндиктери» гуманитардык жардам фонду (IHH) Газа тилкесиндеги талкаланган имараттардын урандыларын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Анадолу агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Газа тилкесинде 454 миңден ашык үй толугу менен кыйрап, көптөгөн мектептер, ооруканалар, инфраструктура жана коомдук имараттар авариялык абалга келген.
Фонд урандыларды тазалоо үчүн оор техникаларды колдонууда. Бул аракеттер аймактагы коомдук транспорттун кыймылын жакшыртууга жана гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн тездетүүгө багытталган.
Мындан тышкары, фонддун кызматкерлери миңдеген тургундарга ичүүчү таза суу таратып, азык-түлүк, медициналык жана психосоциалдык колдоо көрсөтүүнү улантууда.

