Түркмөнстан инвестициялык келишимдер боюнча арбитраждык териштирүүлөрдүн натыйжасында түркиялык Sehil компаниясынан 500 миллион доллар утуп алды деп билдирди бул өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон «Squire Patton Boggs» юридикалык фирмасы.
Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы талаш тогуз жыл мурда башталган жана ал Түркмөнстандагы 32 курулуш долбооруна тиешелүү. Эл аралык трибунал түрк тараптын Түркмөнстанга карата бардык доо арыздарын четке какты.