Түркмөнстанда карантиндик чектөөлөр киргизилди 17.01.2022 15-январдан тартып Түркмөнстанда карантиндик чектөөлөр жарыяланып, базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк дүкөндөрүнүн иштөөсүнө уруксат берилди. Борбор калаада театр менен концерттик залдар да жабылганы маалымдалды.