"Эркин-Тоо"

ТҮРКСОЙдун сыйлыгы –акынга берилди

Жаңы китептин бет ачары…

Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси болуп өттү.

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал акындар Жолон Мамытов менен Курбаналы Сабыров атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты Өмүрбек Тиллебаевдин ыр менен жазылган “Бата жана каргыш” (эгемендик жылдарды панорамасы) романын бет ачарына арналган кечеде адабиятчы, сынчы Аскар Медетов анын поэзиясынын өзгөчөлүктөрү туурасында баяндама жасады.

Андан кийин ТҮРКСОЙдун башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев, акын Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгына кеңири токтолду. Ошондой эле ТҮРКСОЙдун башкы катчысы акындын ырлар жыйнагы Түркиянын Анкара шаарында түрк тилинде басылып жаткандыгы, жакында жарык көрө тургандыгы жөнүндө окурмандарга жаңылык катар айтып өттү. Ошондой эле баш катчы Түрк элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы  жана чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтери үчүн акын Ө.Тиллебаевге ТҮРКСОЙдун эл аралык “Абай Кунанбаев” медалын  салтанатуу тапшырды.

Ошондой эле Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н. Калыбеков, Кыргыз эл жазуучусу М.Мамазаирова, жазуучу Д.Керимов, Тарых илимдеринин доктору, профессор  С.Кайыпов, чыгаан журналист, коомдук ишмер Н.Кочкоров, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А. Алымбаев (Баяс Турал), акын, таанымал журналист Ж.Саалаевдер чыгып сүйлөшүп, акын Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгына жана ошондой эле жаңы сыясы кургай элек ыр менен жазылган романын мазмунуна кеңири токтолушуп, жалпысынан жаңы ыр менен жазылган романды Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка  татыктуу экендигин, кыргыз поезиясынын тарыхында ыр менен жазылган бешинчи роман, экендигин баса белгилешти.

Белгилүү төкмө акын Акматбек Султан акын Ө.Тиллебаевдин чыгармалыгы туурасында комуздун коштоосунда ыр арнаса, Б.Бейшеналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, белгилүү обончу Т.Колдошев акындын “Жүрөктөгү жүрөгүмсүң”, “Кол сунам сага алыстан” деген ырларына жазылган обондорун тартуулашты.

Акын Ө.Тиллебаевдин буга чейин анын “Күн жыты”, “Кут жылдыз”, Адамдын  күн жүрүшү” аттуу  ырлар жыйнагы жарык көргөн.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин эмгек жамааты гезиттин маданият бөлүмүнүн башчысы, акын Ө.Тиллебаевди татыктуу алган сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

                   Орункул Сатыкулов

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!