"Эркин-Тоо"

Түштүк Кореяга дагы 48 жаран иштөөгө кетти. Алар кайда иштешет?

Кыргызстандын 48 жараны Корея Республикасына иштөө үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, жалпы 450дөн ашык келишим кабыл алынган. Азыр биринчи топ кетип жатат. Калганы кийинки этап менен жөнөтүлөт. Быйыл Корея Республикасына 600дөн ашык жаран иштөөгө учуп кеткен. Бул үчүн Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик рейс уюштурулган.

EPS программасынын алкагында 15 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын ишканаларында Кыргызстандын жарандарын иш менен камсыз кылууда жана ийгиликтүү иш алып барууда. Меморандумду ишке ашыруу мезгилинде 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту.

Учурда Кореяда EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет. Жумушка кеткендердин жалпы санынын ичинен алардын көпчүлүгү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайынын ишканаларында пластмасса, резина жана айнек буюмдарын жасоо ишканаларында эмгектенишет.

Корея Республикасында иштеген эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак-ашы, иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда 1800 АКШ долларын түзөт.

Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.

2022-жылы 1500дөн ашык жаран корей тилин билүү деңгээлин аныктоо сынагына катышкан – 360 адам тесттен ийгиликтүү өтүп, Кореядагы иш берүүчүлөр тарабынан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!