"Эркин-Тоо"
Дүйнө Дүйнө дүбүртү Жаңылыктар

Түштүк Курилде 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 19-июнда, Тынч океанында, тактап айтканда Сахалин облусуна караштуу Түштүк Курил аралдарынын жанында магнитудасы 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.

Ошондой эле жердин силкинүүсү Шикотан аралындагы эки айылда жана Кунашир аралындагы Южно-Курильск шаарчасында 3 баллга чейин сезилген. Цунами коркунучу жаралган жок.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор каттала элек.