"Эркин-Тоо"

Төкмө акын Болот Назаров сот залынан бошотулду

Бүгүн, 24-январда төкмө акын Болот Назаров тосмо арыздын негизинде сот залынан бошотулду. Маалыматты Чүй облустук сотунан тастыкташты.

Маалым болгондой, Назаровго козголгон кылмыш иши бүгүн, 24-январда Москва райондук сотунда каралган.

«Жабырлануучулардан тосмо арыз түшүп, анын негизинде Назаровго карата козголгон кылмыш иши кыскарып, ал сот залынан бошотулду«, — деп билдиришти соттон.

Белгилей кетсек, Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин «тоноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал 2022-жылдын 9-ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тоноочулукка шектелип кармалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!