— Төлөнбек мырза, ушул күндөрдө кезектеги Курултайга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Сиз да делегат болуп шайланыпсыз. Мурда катышкан жайыңыз да бар экен. Жыйындын активдүү мүчөсү катары анын берген натыйжаларына канааттанасызбы?
— Курултай өзүн институт катары бекемдеди деп айтсак болот. Резолюциянын негизинде ири иш пландар түзүлүп жатат. Бирок, чечимдердин укуктук күчү кеңеш берүү мүнөзүндө эле болгондуктан, алардын аткарылуусу мамлекеттик органдардын эркиндигине коюлууда. Менде аткаруу бийлиги ар бир кайрылууларды кароодо деген ишеним бар. Айрым министрликтер Курултайдан кийин аткарылган иштери тууралуу отчёт берип жатканын билем. Негизи ар бир жыйында сөзсүз бир иш аткарылып келүүдө. I Курултайда делегаттар Курултайды Конституциялык мыйзам менен бекемдөөнү сунуштаган. 2023-жылы мыйзам кабыл алынды. Ал мыйзам Куралтайдын иштөө тартибин так аныктап берген. II Курултайда болсо 3200дөй пунткттан турган иш план түзүлгөн. Берилген сунуштардын 360ы аткарылган. Кийинки Курултайга чейин калган сунуштар аткарылып жатканы тууралуу маалыматтар берилген. III Курултайда болсо 700дөй делегат келип, 2000ден ашык кайрылуу түшкөн. Анда айыл чарбасы, ишкерликти колдоо жана агро өнөр-жай боюнча маселелер көп көтөрүлгөн. Мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары тууралуу сунуштар каралган. Азыр III Курултайда түшкөн сунуштардын көбү аткаруу процессинде экендигин айтып коюшум керек. Эми IV Курултайда өткөн жылда берилген сунуштардын аткарылуусу боюнча отчёт сөзсүз берилет. Сиз, Курултайдын берген жыйынтыктарына канааттанасызбы деп сурап жатасыз. Жакшы натыйжа болушу үчүн дагы убакыт керек. Курултайда айтылган сунуштар, талаптар дароо эле аткарылып кетпейт. Маселелер акырындык менен чечилет деген ойдомун. Элдин үнүн дароо Президентке жеткирүүдө Курултай эң сонун формат. Мен, эгер бул жыйын болбосо эмне болмок деген суроонун үстүндө ойлонуп көрдүм. Эгер Курултай ишке кирбегенде элдин үнү Президентке толук жетпей, кандайдыр бир чыңалуулар келип чыкмак. Азыр болсо делегаттар Мамлекет Башчысына каалаган оюн түз, ачык айта алат.
— Жыйынды жакшыртуу боюнча кандай сунуштарыңыз бар?
— Канча Курултай болсо ошонун баарында майда маселелер да айтылып келди да. Бул убакытты алат. Көчө шыпырылбай калганы, арыктардын казылбаганы да айтыла берчү. Азыр ушундай нерселерге чек койсок дейт элем. Жергиликтүү бийлик жана мамлекет бул маселелерди өзү акырындык менен чечип келе жатат. Мен экономика тууралуу көбүрөөк сөз кылууну каалайм. Өндүрүш жагына кандай жардам бере алабыз деген суроонун үстүндө иштөө керек болуп жатат. Мен ушул IV Курултайга да делегат болуп келе жатам. Сөзсүз экономикалык маселелерди козгойм. 30 жыл өткөндөн кийин өлкө кайсы тармак менен алдыга кетет деген суроолордун үстүндө маселе козгойм. Анан да жашоонун сапаты боюнча шарттардын түзүлүшү тууралуу ойлорумду айтам.
— Делегаттарды шайлоо системасына көз карашыңыз кандай? Айрымдар тандоодо мүчүлүштүктөр кетип жатат деп айтышууда.
— Делегаттарды шайлоо системасы калыптанып бара жатат. Өтө активдүү жарандар шайланышкандыгын байкап жүрөм. Быйыл мен Ленин районунан шайландым. Чындыгын айтсам калыс өттү. Шайлоого, тандоого эч ким киришкен жок. Нааразы болгондор Курултайга бара албай калгандардын арасынан чыгат. Эл азыр баарына өзү тараза. Эч кандай кийлигишүүсү жок тандоо жүргүзө алат.
Жазгүл Кенжетаева

