"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ТӨРАГА МОСКВАДА

Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Ага катышуу үчүн 4-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация жөнөп кетти. Москвада кыргыз парламентарийлери Ассамблея кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумга катышуусу белгиленген. Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.