"Эркин-Тоо"

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев да катышты.

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин иши Аппаратка көз каранды экенин белгилеп: “Андыктан, иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу кажет. Айрыкча, мыйзамдарды кароо жана документ жүгүртүү процессин жакшыртып, жарандар менен иш алып барууда ыкчамдуулукка басым жасалышы шарт”, – деди.

Мындан тышкары, төрага парламенттин ишин санариптештирүүдөгү айрым маселелерге токтолуп, кызматкерлердин тажрыйбасын арттыруу жаатында окууларды уюштуруунун актуалдуулугун белгиледи.

Ал эми төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин жаңы өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жараянын тездетүү маселесин көтөрдү.

Муну менен катар I кварталдагы аткарылган иштер талкууга алынып, II кварталга карата пландалган жумуштар тууралуу сөз болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!