"Эркин-Тоо"

Төрт шаарда мэрлер алмашты

Өткөн аптанын аягында республиканын айрым шаарларынын мэрлери алмашты. 11-майда  Ош облусунун Кара-Суу шаарына мэр болуп Арстанбек Жолдошов дайындалды. Андан кийин эле Талас облусунун Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Эрмат Жумаев дайындалды. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев өзүнүн берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулуп, бул кызматты Максат Нусувалиев ээледи. Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына да жаңы шаар башчы келди. Ошентип,4 шаар башчысы кызматына киришти.  Жаңы дайындалган мэрлер тууралуу айта турган болсок, Эрмат Жумаев Талас шаарына мэр болуп дайындалганга чейин Каракол шаарынын мэри кызматын ээлеп турган. Ал эми Максат Нусубалиев Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болчу. Чыңгыз Бапаев караколдуктар үчүн жат эмес. Анткени, ал 2021-жылдан тарта  Каракол шаарында вице-мэрлик кызматты аркалап келген. Байкап көрсөк жаңы дайындалган жетекчилер буга чейин да мэриянын ишине аралашып, тажрыйба алып калган жетекчилер экен.

Негизи Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мэрлик кызматтын маанилүүлүгү ири шаарларда эле байкалбаса, аймактык деңгээлдеги кичи  шаарларда шаар башчыларынын ролу анчейин деле сезилерлик болбой келген. Бирок, чындыгында аймактарды өнүктүрүүдө кичи шаарлардын жетекчилигинин иши чоң мааниге ээ эле. Эми гана бул маселе колго алынып, мэрлерге талап катуу коюлуп, иштер алга жыла баштагандай. Татыктуу иштебей жаткан мэрлер кызматтан алынып, коррупциялык иштерге аралашкандары темир тор артына киргизилип, күнөөсүн тартып жаткандыгы буга далил.

Чыныгы мэр саясатан алыс, шаардын инфрастурктурасын, анын жашоочуларынын муктаждыктары менен жакшы тааныш, чарбачыл, мекенчил болсо  ишинен натыйжа чыгып, калаалардын багы ачыла тургандыгын дүйнөлүк эксперттер көп эле айтып келишет.  Иш жүзүндө  айрым мэрлердин шаарларды, анын жашоочуларынын жашоосун өзгөрткөнү боюнча көп далилдер бар. Алардын сап башында 1995-жылдан 2003-жылга чейин Колумбиянын Боготе шаарында мэр болгон Антанас Мокус турат. Мэр болгончо ал математик, философ кесибин аркалаган. Бирок, шаарда ага чейин өкүм сүргөн кылмыштуулукту 70 пайызга кыскартууга жетише алгандыгы менен тарыхта калган.

Жайме Лернер 1971-жылдан 1992-жылга чейин Бразилиянын Куритиба шаарында мэр болгон. Ал архитекторлук билимин шаардын жол тутумун оңдоого колдоно алган. Мэр ишке киришкенде Куритиба шаары таштандыга оронгон, жол тыгыны көп шаар эле. Лернер таштандыны жоготуу үчүн жергиликтүү калкка таштанды чогултсаңар ордуна тамак-аш жана акча берем деген. Жээктердеги таштандыларды чогулткан балыкчыларды да ал акча берүү менен өзүнө тарткан. Ошентип ал  шаардын башкы планын такыр жоюп, жолдорду алты тилкелүү кылып өзгөртүп, тыгындарды азайтканга жетишкен.

Кен Ливингстон 2000-2008-жылдары Лондон шаарында мэр болгон. Ал эски автобустардагы жол кире төлөө тутумдарын алмаштырып, жаңы унааларды алып келүү менен алар үчүн өзүнчө тилкелерди ачып, абалды оңдогон. Жол тыгыны анын схемасынан кийин 20 пайызга кыскарган. Шаарларды өзгөрткөн мэрлердин катарында  2006-жылы Сеул шаарына мэрликке тандалып алынган О Се Хун да турат. Ал шаардын дизайнын таанылгыс кылып өзгөрткөндүгү менен белгилүү. О Се Хун милдетин жакшы аткаргандыгы үчүн эки мөөнөт мэр болуп иштеген. Ал Сеулдуктарды таза суу менен камсыздоо, эски имараттарды сүрдүрүп, жаңыларын курдуруу  менен алектенген. О Се Хундун башкаруусу алдында заманбап аялдамалар пайда болгон.

 Жазгүл Кенжетаева

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!