Бул жолу гезитибизге Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Чолпонбекович кыргыз-италия кызматташтыгы, эки өлкө ортосундагы долбоорлор, Италиядагы кыргыз мекендештер тууралуу айтып берди.
Кызматташтыктын жаңы баскычы
— Азыр бир катар өлкөлөрдө геосаясий туруксуздук, кагылышуулар жана климаттык кризистер орун алууда. Мындай шартта ишенимге негизделген туруктуу эки тараптуу мамилелер өзгөчө баалуу. Акыркы жылдары Италиянын Борбордук Азияга болгон кызыгуусу артып жатканын белгилегим келет. Ал эми Кыргызстан менен Италиянын ачык, өнөктөштүк, соода-экономика, инвестиция жана климаттык демилгелер боюнча кызматташтыгы жолго коюлган. Кыргызстандын Италиядагы элчилиги 2020-жылдын август айында ачылган. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн жакында ачылганына карабастан, Кыргыз Республикасы 5 жылдык мөөнөттүн ичинде Италия Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө гана эмес, өнүктүрүүгө да жетишти. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча Италияда 5000ден ашуун кыргыз мекендешерибиз бар. Ал эми элчиликтин каттоосунда 1493 адам турат. Биз мекендештерге ар дайым каттоодон өтүүнү сунуштайбыз. Бул юридикалык, практикалык жактан абдан туура жана маанилүү.
Президенттин Италияга сапары
— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 3-4-октябрында Италияга болгон расмий сапары кыргыз-италия мамилелериндеги бурулуш учур болду. Бул сапар Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан жаңыланган ички саясатты эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясий артыкчылыктары боюнча Кыргызстандын позициясын ырастады. Сапардан кийин эки тараптуу мамилелердин өсүүсү байкалды. Элчилик сапардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруу боюнча аракеттерди көрүп, жолугушууларды өткөрүү жана тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн италиялык компаниялардын Кыргыз Республикасына иш сапарларын үзгүлтүксүз уюштурууда. Мындан тышкары Римде кыргыз рыногуна инвестиция салууга кызыкдар ири инвесторлор менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Геосаясий жактан мааниси терең
— Ушул жылдын 30-майында Астанада Борбордук Азия – Италия биринчи саммитинин өткөрүлүшүн геосаясий жылыш деп баса белгилегим келет. Бул – тараптардын диалогду жаңы деңгээлге көтөрүү ниети далилдейт. Италиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдоого болгон кызыгуусу аймактагы мамлекеттердин өздөрүнүн тышкы саясий кызыкчылыктарына толук жооп берет.
Мыйзамдуу жумушка орноштуруу – негизги багытыбыз
— Жарандарды мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу биздин ишибиздин негизги багыттарынын бири. Бул багыт элчиликтин түздөн-түз катышуусу менен 2023-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Италиянын улуттук Decreto Flussi программасына киргизилген. Бул италиялык иш берүүчүлөр үчүн биздин жарандарды мыйзамдуу түрдө жумушка алуу мүмкүнчүлүгүн ачкан маанилүү кадам болду. Бул программа менен Сардинияга кыргыз жарандарын айыл чарба, туризм сыяктуу тармактарда ишке орноштуруу каралган. Программада виза маселеси, турак жай, ден соолукту камсыздандыруу жана италия тилин окутуу камтылат. Италияда мыйзамдуу жумушка орношуу үчүн D категориясындагы жумушчу визасы талап кылынат. Аны италиялык тарап иш берүүчүнүн арызын жактыргандан кийин алса болот. Жумушка уруксат алуунун ар кандай түрлөрү бар. Алар мезгилдик жумушка, узак мөөнөткө иштөөгө, өз алдынча иштөөгө жана жогорку квалификациялуу адистерге деп бөлүнөт. Биздин жарандар бул өлкөдө негизинен айыл чарба, туризм, курулуш, транспорттук логистика, ошондой эле карыларга кам көрүү тармагында көбүрөөк иштешет.
Туруктуу шарттарды түзүү
— Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылгандан бери биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык таасирдүү секирик жасады. 2024-жылы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 117,7 миллион долларды түздү. Элчилик экспорттолуучу продукциянын түрүн кеңейтүү жана италиялык рынокто ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча жигердүү иштерди улантууда. Италия биздин өлкө менен энергетикага, өзгөчө жаратылыш ресурстарына байланышкан долбоорлорго кызыгуусу күч. Мындан тышкары айыл чарба, текстиль, туризм тармагында потенциал бар. Биздин милдет аларга так жана туруктуу шарттарды түзүү. Мисалы, Италиянын 100дөн ашуун компаниясы менен жолугушуулар өткөрүлүп, 10дон ашууну Кыргызстанга келип, мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эң маанилүү жетишкендиктердин бири болуп – инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюу болду. Бул соода-экономикалык багытта кызматташууну чыңдоого италиялык тараптын кызыкдар экендигин ачык көрсөтүп турат. Кыргызстан менен Италиянын шаарларынын ортосунда 6 меморандумга кол коюлуп, өз ара иш сапарлар уюштурулуп, тараптар аймактарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда.
Маданий алака жана Римдеги Айтматовдун эстелиги
— Италия дүйнөлүк маданияттын бешиги катары чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Элчилик Италия менен театр, искусство, тарыхый-археологиялык кызматтардын, музыкалык окуу жайлардын жана спорт федерацияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында иштерди кубаттайт.
Кыргыз маданий мурасын жайылтуудагы жана Кыргызстан менен Италиянын маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү олуттуу окуялардын бири – улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы болду. Жыл ичинде Римдин Париоли районундагы «Вилла Грациоли» паркында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылган. Буга чейин 2024-жылдын октябрында Римде Кыргызстан паркынын ачылышы болгон. Ошондой эле 2025-жылы белгилүү италиялык режиссер жана актёр Микеле Плачидонун Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары уюштурулган.
Элчиликтин көп тармактуу ишмердүүлүгү
— Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Римдеги элчилиги ошондой эле – Римдеги Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасында жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү болуп саналат. Бул багытта улуттук демилгелер, эл аралык долбоорлор алдыга жылдырылып, азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Италиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо да элчиликтин ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Элчилик жарандарды күн сайын кабыл алып, студенттерге, ошондой эле жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтөт. Элчилик белгилүү бир натыйжага жетишүүгө, улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин бекемдөөгө жан үрөйт.
Мээрим Бактыбек кызы

