"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Таалайбек Кулмендеев Жусуп Абдрахманов тууралуу толук метраждуу фильм тартат

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди өндүрүшкө жөнөттү.

Мындай фильмди тартуунун максаты тарыхтын маанилүү барактарын эске салып, жаш муунда мекенчилдик бийик рухту пайда кылуу болуп саналат. Анда Абдрахмановдун татаал тагдыры, анын эл үчүн жасаган ишмердиги жана улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү ролу чагылдырылат.

Фильмдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Учурда даярдык башталып, ролдорго актёрлорду тандоо, тартуу локацияларын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Фильм Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын бир катар аймактарында тартылат.

Бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген тарыхый-драмалык фильм Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.